Жийдеш Идирисова
Жийдеш Идирисова
| |
Туулган датасы |
19 -январь 1985 (39 жаш) |
---|---|
Туулган жери | |
Өлкө | |
Кесиптери | |
Жанрлары |
этно, поп-музыка |
Активдүү жылдары |
2013 — азыркы учурда |
Кызматташтык |
Мирбек Атабеков, Айар, Айым Айылчиева |
Super.kg: ID 489 |
Жийдеш Идирисова (19-январь 1985, Нарын, Нарын облусу, Кыргыз ССР) — кыргызстандык ырчы, аткаруучу. 2015-жылы декабрь айында Turkvizyon эл аралык ыр сынагында "Ким билет" аттуу ыры менен биринчи орун алган.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жийдеш Идирисова 1985-жылы 19-январьда Нарын шаарында туулган. Ырчы карапайым үй-бүлөдө өскөн, апасы иниси Жаркынбек экөөнү жалгыз чоңойткон.
Алгачкы кадамдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2001—2002-жылдары «Сделано в KG» музыкалык сынагына катышып, финалисттердин катарына кошулган.
2007-жылы «Эдем алмасы» аттуу тасманын саундтрегин Нарист менен бирге аткарган.
Кийин «Артек» музыкалык тобунда алты жыл эмгектенген. Ошону менен катар Кыргызстан, Казакстан, Орусия өлкөлөрүндө тар чөйрөлөрдө ырдап жүргөн.
2013-жылы «Азия Микс» командасы менен бирге КВНдин Жогорку лигасында ырдаган.
Жеке карьера
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2014-жылы Жийдеш Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде «Өмүр» жана «Сен» чыгармаларын ырдап чыккан. Ошол эле жылы октябрь айында «Сен» аттуу ырынын видеоклибинин презентациясы өткөн.
2015-жылы декабрь айында «Ким билет» аттуу ыры менен Turkvizyon эл аралык ыр сынагына Кыргызстандын атынан катышып, биринчи орунду алган. «Супер-Инфо» гезитине болго маегинде жеңиши тууралуу төмөнкүдөй пикир айткан:
Бул жеңиш жеке меники эмес, кыргыз элимдин, мага колдоо көрсөткөн жакындарымдын, кеп-кеңеш айткан чыгармачыл инсандардын, күйөрмандарымдын жеңиши.[1]
2016-жылы башка 8 ырчы менен катар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын гимнин аткарган.
2018-жылы «Наринай» аттуу ыры менен Алма-Ата шаарында өткөн Star of Asia ыр фестивалына катышкан. Сентябрь айынан тарта КТРКнын «Асман» теледолбоорунда калыстар тобунун мүчөсү.
Дискографиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2010 — «Эдем алмасы»
- 2014 — «Сен»
- 2015 — «Апакем»
- 2015 — «Өмүр»
- 2015 — «Кайыр дил»
- 2015 — «Карлыгачым» (Айар менен бирге)
- 2015 — «Эки жүрөк» (Мирбек Атабеков менен бирге)
- 2015 — «Ким билет?»
- 2016 — «Жаным»
- 2016 — «Эки канат» (Айым Айылчиева менен бирге)
- 2018 — «Жаңы Жыл»
- 2018 — «Наринай»
Видеографиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жылы | Аты |
---|---|
2007 | «Эдем алмасы» |
2014 | «Сен» |
2015 | «Өмүр» |
«Карлыгачым»
(Айар менен бирге) | |
2016 | «Ким билет?» |
«Жаным» | |
«Эки канат»
(Айым Айылчиева менен бирге) | |
2018 | «Жаңы Жыл» |
«Наринай» |
Жеке жашоосу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2010-жылдан тарта ырчы продюсери Андрей Догай менен мамиледе.
2016-жылы мыйзамдуу никеге туруп, үлпөт той өткөрүшкөн.
Жубайлардын Севара жана Адел аттуу кыздары бар.
Тиркемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ https://www.super.kg/article/show/34643?searchtext=%D0%B6%D0%B8%D0%B9%D0%B4%D0%B5%D1%88%20%D0%B8%D0%B4%D0%B8%D1%80%D0%B8%D1%81%D0%BE%D0%B2%D0%B0
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |