Жон Дальтон

Дальтон (Долтон) Жон (6.9.1766, Улуу Британия, Иглсфилд – 27.7.1844, Манчестер) –
| Туулган жылы: | |
|---|---|
| Туулган жери: |
Иглсфилд,Великобритания |
| Каза болгон жылы: | |
| Каза болгон жери: |
Мачестер,Великобритания |
| Илимий чөйрөсү: |
{{{Илимий чөйрөсү}}} |
| Илимий даражасы: |
Физик ,химик ,мереолог, |
| Сыйлыктары |
|
англиялык химик жана физик, Лондон Король коомунун мүчөсү (1822). Париж ИAнын (1830), чет өлкөлүк ардактуу мүчөсү, Кендалда жана Манчестерде математикадан сабак берген. Манчестердеги адабий-философиялык коомдун мүчөсү (1794), секретары (1800) жана төрагасы (1817) болгон. Эселик катыш законун ачкан (1803); «атомдук салмак» түшүнүгүн киргизип, биринчи болуп бир нече элементтердин атомдук салмагын (массасын) аныктаган. Газ закондорун ачып (1801 жана 1803), кийин алар Дальтондун атынан аталган. Көрүү кемтигин алгач баяндаган (1794; өзү ооруган), кийинчерээк ал дальтонизм[1] деп аталган.
Тус сокурдук
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сиздер бул адамдын фамилиясын озунуздор да бильбей угуп жургонсуз
Жон Дальтонду жаш кезинде айланасындагы адамдардын тигил же бул нерселердин түсү жөнүндө айткан пикирлери бир нече жолу таң калтырган. Ал буга анча деле көңүл бурган эмес: адамдар ар кандай болот жана дүйнөнү ар башкача көрүшөт да деп ойлогон.
Бирок отуз жашка жакындап калганда Дальтон ботаникага кызыгып калат. Ошондо ал бир эле герань (пеларгония) гүлү ар кандай жарыкта бирде асмандай көк, бирде кызыл болуп көрүнөрүн байкаган. Андан башка эч ким мындай өзгөчөлүктү байкаган эмес... анын бир тууган агасынан башка. Бул маселени тереңирээк изилдөөгө туура келген. Көрсө, Жон менен анын агасы дүйнөнү көпчүлүк адамдарга караганда чындыгында эле башкача көрүшөт экен!
Көп өтпөй Дальтондун «Түстү кабыл алуунун адаттан тыш учурлары[2]» (1794-ж.) аттуу макаласы жарык көргөн. Анда автор өзүнүн түстөрдү көрүүдөгү өзгөчөлүктөрүн сүрөттөгөн. Окумуштуулар бул эмгекти окугандан кийин гана бул көйгөйгө алгачкы жолу көңүл бурушкан.
Азыркы учурда биз түстөрдү кабыл алуунун бузулушу эркектердин бир нече пайызында кездешерин (аялдарда — өтө сейрек) жана бул генетикалык жактан шартталганын билебиз. Дальтондун көрүүсүндө так кандай өзгөчөлүк болгонун да жакшы билебиз: ал көздөрүн өлгөндөн кийин да изилдөөнү өзү керээз кылган, анын көзүнүн бөлүктөрү сакталып калып, XX кылымдын аягында ДНК анализи жүргүзүлгөн. Бул анализден Дальтон спектрдин ортоңку бөлүгүндөгү түстөрдү ажырата албаганы белгилүү болду: маселе (ал өзү да белгилегендей), кызгылт сары (оранжевый) жана жашыл түстөр ал үчүн жөн гана сары түстүн өңдөрү болгон. Түс сокурлугу жөнүндө мурдатан эле белгилүү болсо да, анын алгачкы деталдуу сүрөттөлүшүн Дальтон өзү берген, ошондуктан биз муну дальтонизм деп атайбыз.
Жаш курагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жон Дальтон Англиянын Камберленд графтыгында токуучунун үй-бүлөсүндө туулган, бой жеткен курагында Манчестерге көчүп келип, өмүр бою ошол жерде илим менен алектенген. Ал он жашынан баштап иштөөгө аргасыз болгон, 15 жашынан тарта мектепти башкарууга жардам бере баштаган, ал эми университетке жагдайлардан улам таптакыр кирбей калган. Бирок анын жолунда билими менен кубануу менен бөлүшкөн адамдар дайыма жолуккан. Маселен, анын жашоосунда загыра (сокур) окумуштуу Жон Гоф (Gough) чоң ролду ойногон — жаш Дальтон ага окууга, жазууга жана эсептөөлөргө жардам берсе, Гоф Дальтонго латын жана грек тилдерин үйрөтүп, ошону менен бирге бейрасмий шартта илим жөнүндө айтып берген.
1793-жылы Дальтон метеорология боюнча өзүнүн биринчи китебин басып чыгарган. Бир аз убакыттан кийин география менен алектенип, тагыраак айтканда, Англиядагы өзү туулуп-өскөн Көлдөр аймагындагы (Колдуу жер) тоолордун чокуларына барометр менен чыгып, алардын бийиктигин ченеген. Суу булактарынын пайда болушуна, шүүдүрүмдүн түшүшүнө, жарыктын чагылышына жана сынышына кызыккан. Газдардын басымы, көлөмү жана температурасынын ортосундагы байланышты изилдеп, газдар менен көп иштеген. Бул учурда ал одоно жана так эмес приборлор менен иштесе дагы, ийгиликке жетишкен, себеби ошол кездеги улуу химик Гемфри Дэвинин айтымында, ал «өз колуна караганда акылына көбүрөөк ишенген». Ал өзүнүн ысымын алган газдар физикасынын мыйзамын ачкан: газдар аралашмасынын жалпы басымы анын курамындагы ар бир газдын парциалдык (бөлүкчө) басымдарынын суммасына барабар. Газдардын эригичтиги жөнүндө дагы бир мыйзамды иштеп чыккан. Англис тилинин грамматикасы боюнча китеп чыгарган. Сабак берген. Пристлинин[3] тарыхын эстесеңиз — Дальтондун дагы кызыгуулары дал ошондой кенен болгон. Ал убакта окумуштуу үчүн мындай кеңири багыттарда иштөө дагы деле мүмкүн эле.
Азыр биз кичинекей кезибизден эле заттар атомдордон тургарын билебиз. Жадакалса башкача ойлонууга кантип болсун деп түшүнбөйбүз — атомдорсуз химиялык формулаларды жана кубулуштарды жазуу такыр акылга сыйбаган нерсе да! Бирок мындан эки жүз жылдан бир аз көбүрөөк убакыт мурун мунун баары такыр мынчалык айкын эмес болчу. Заттын эң кичинекей бөлүкчөлөрү дегени эмнеси? Биз аларды көрбөй жатпайбызбы!
Ооба, алар жөнүндөгү абстракттуу түшүнүк Байыркы Греция заманына барып такалат: философ Левкипп ушунчалык кичинекей болгондуктан, аны андан ары майда бөлүктөргө бөлүү мүмкүн эмес болгон бөлүкчө жөнүндө идеяны айткан, ал эми Демокрит бул бөлүкчөлөрдү атомдор (грек тилинен «бөлүнбөс») деп атаган. Бирок андан кийин болжол менен XVII — XVIII кылымдарга чейин атомдор жөнүндө таптакыр унутуп коюшкан. Анын үстүнө, алхимия доорунда алардын эмнеге керек болушу мүмкүн экени да түшүнүксүз эле.
Бирок XIX кылымга карата химия акырындап чыныгы илимге айлана баштаган. Улуу Лавуазье башка ачылыштары менен бирге массанын сакталуу мыйзамын төмөнкүчө иштеп чыккан: «Каалаган тажрыйбада заттын саны тажрыйбага чейин жана андан кийин бирдей болорун, ал эми баштапкы элементтердин сапаты менен саны өзгөрүүсүз каларын принцип катары кабыл алууга болот». Андан соң башка бир француз химиги Пруст курамдын туруктуулук мыйзамын формулировкалаган: биз кандайдыр бир затты кандай жол менен албайлы, анын курамына кирген химиялык элементтердин массаларынын катышы дайыма туруктуу болот — маселен, калайдын кош кычкылынын ак порошогунда салмагы боюнча дайыма 79% калай жана 21% кычкылтек болот. Бирок бул фактылардын баарын түшүндүргөн бирдиктүү теория жок эле. Эмне үчүн масса сакталат? Эмне үчүн көпчүлүк заттардын курамы туруктуу? Химиялык реакция учурунда эмнелер дал өзү орун алмашып, кайрадан топторго бөлүнөт?
Дальтондун мыйзамы[4]
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Буга дал ушул Дальтон жооп берген. Ал эми анын заттардын атомдордон турары жөнүндөгү идеясынын башкы негизи катары эселик катыш мыйзамы кызмат кылган.
Дальтонду бул мыйзамды иштеп чыгууга кайсы заттар түрткөнү белгисиз, ошондуктан аны өзүбүздүн мисалдар менен түшүндүрөбүз . Көмүртектин кычкылтек менен эки кошулмасы бар — иш газы жана көмүр кычкыл газы. Алардын курамын салыштырып көрсөк, көмүр кычкыл газындагы көмүртектин бир эле массасына ис газына караганда туура 2 эсе көп кычкылтек туура келерин көрөбүз. Азоттун оксиддери, бөлүнүп айтканда, азоттун кычкылтек менен кошулмалары учурда бешөө экени белгилүү (ал убакта үчөө болгон); алардагы азоттун бир эле массасына туура келген кычкылтектин массалары өз ара катышында болот. «Баткак газы» метандагы жана «май берүүчү газ» этилендеги көмүртектин бир эле массасына туура келген суутектин массалары так эки эсе айырмаланат. Мындай мисалдар абдан көп. Бул жогоруда аталган кошулмалар ар кандай катышта алынган бир эле эң жөнөкөй бөлүкчөлөрдөн — суутек, азот, көмүртек, кычкылтек — «куралганын» билдирбейби?
XIX кылымдын башына чейин болгон бир дагы теория эселик катыш мыйзамын түшүндүрүп бере алган эмес. 1803-жылдан баштап бир нече жылдын ичинде Дальтон өзүнүн жеке теориясын иштеп чыккан. Анын негизги жоболору төмөнкүлөр:
Бардык заттар бөлүнбөй турган, жок кылынбай турган жана жаратылбай турган айрым бир абдан майда бөлүкчөлөрдөн — атомдордон турат. Бир эле элементтин атомдору бири-биринен айырмаланбайт, анын ичинде салмагы да бирдей болот; ал эми ар башка элементтердин атомдору бири-биринен айырмаланат жана алар өз ара бир түрлөн экинчи түргө айланбайт. Белгилүү бир катышта алынган ар башка атомдордон химиялык кошулмалар пайда болот. Химиялык реакциялардын жүрүшүндө атомдор биригет, ажырайт же кайрадан топторго бөлүнөт.
Азыр биз баары андан да татаал экенин билебиз: атомдордун өздөрү да курала турган дагы майда бөлүкчөлөр бар; ядролук реакциялардын жүрүшүндө бир атомдор экинчисине айлана алат; бир эле элементтин ар кандай изотоптору — массасы ар башка болгон атомдору болушу мүмкүн... Биз Дальтондон таза химиялык каталарды да көрө алабыз: маселен, «эң жөнөкөй» деген түшүнүккө таянып, ал суунун формуласын H₂O эмес, OH деп, ал эми аммиакты NH₃ эмес, NH деп эсептеген. Бирок мунун баары майда-чүйдө нерселер жана оңдоолор гана. Ал эми ансыз эч жакка жыла албай турган негизги пайдубалды дал ушул Дальтон түптөгөн.
Атомдордун эң маанилүү мүнөздөмөсү — бул алардын салмагы. Дальтон бир атомдун салмагын унция, гран же башка кадимки бирдиктер менен ченей алган эмес. Бирок ал ар бир кошулманын массалык курамына (курамдын туруктуулук мыйзамын эстеңизчи?) жана андагы бир элементтин канча атому экинчисинин бир атомуна туура келери жөнүндөгү божомолго таянып, ар башка атомдордун салмактарынын катыштары менен иштөөгө болорун түшүнгөн. Эң жеңил атомдун — суутектин — салмагын 1 деп кабыл алып, андан кийин башка атомдор андан канча эсе оор экенин жөн эле эсептеп чыгууга мүмкүн эле. Биз азыр Дальтондун эсептөөлөрүндө ката үстүнө ката болгонун билебиз, бирок салыштырмалуу салмактар менен иштөө идеясынын өзү ушул күнгө чейин колдонулуп келет.
Дальтондун теориясы химия үчүн анын өз тилин — белгилер тутумун түзүүгө мүмкүндүк берди. Анткени, эгерде бардык химиялык кошулмалар салыштырмалуу аз сандагы атомдордун айкалышынан куралса, заттарды ушул айкалыштар менен белгилөөгө болот: ар бир атом үчүн өзүнчө сүрөт тартылып, алардан конструкциялар куралат. Туура, кийинчерээк Йонс Якоб Берцелиустун (заманбап химиянын дагы бир негиздөөчүсү!) сунушу менен жана Дальтондун чоң нааразычылыгына карабай, азыркы тутум сиңип калды: элементтер үчүн бир жана эки тамгалуу белгилөөлөр жана алардын атомдорунун санын көрсөткөн цифралар. Бирок кириллица эчак эле актуалдуу болуп калса дагы, биз биринчи славян алфавитин — глаголицаны түзгөн Кирилл менен Мефодийдин элесин сыйлайбыз го...
- ↑ деп аталат. Бул адамдын көзү айрым түстөрдү (негизинен кызыл, жашыл же көк) көрө албаган же толук ажырата албаган тубаса же оорудан улам пайда болгон абал. [
- ↑ адамдын көзү кээ бир түстөрдү, көбүнчө кызыл жана жашыл түстөрдү, толук айырмалай албаган өзгөчөлүк
- ↑ Джозеф Пристли (1733–1804) Көрүнүктүү англиялык химик, физик жана философ
- ↑ Дальтондун закондору – 1) химиялык аракетке келбеген идеалдык газдардын аралашмасынын басымы алардын парциалдык басымдарынын суммасына барабар; 2) турактуу температурада, суюктуктун үстүндө жайгашкан газдын аралашмасынын ар бир компонентинин, ошол суюктукта эриши, парциалдык басымга пропорциялаш болот.