Жордано Бруно

Википедия дан
Giordano Bruno
Туулган жылы:

1548-жыл

Туулган жери:

Нола, Неаполитан хандыгы

Каза болгон жери:

Рим

Илимий чөйрөсү:

философия, космология,

Белгилүү окуучулары:

Спиноза

Жордано Бруно (1548—1600) — италия философу, анын көз карашында Кайра жаралуу доорунун философиялык ой-пикири толук түрдө чагылдырылган. Неаполдун жанындагы чакан Нола шаарында туулган. 17 жашында доминиканчылардын орденине кирет да, ал жерде ага Жордано деген монахтык ысым берилет. Ошол кезде эле ал айрым диний догмалар жөнүндө өз күмөндүүлүктөрүн билдире баштайт, бул болсо диний бийлик тарабынан куугунтуктоону пайда кылат. Бруно Женевага качууга аргасыз болот. Андан кийин Парижде жана Лондондо жашайт. Ушул мезгилде эле ал өзүнүн: «Идеялардын көлөкөсү жөнүндө», «Күл үстүндөгү той», «Себептер, негиз жана түпнегиз жөнүндө», «Салтанаттанган жырткычты кууп жиберүү», «Баатырдык энтузиазм жөнүндө» деген жана башка алгачкы чыгармаларын жазып, жарыкка чыгарат, бул чыгармаларда ал онтология, тааным теориясы жана этика маселелери боюнча негизги көз караштарын баяндайт.

Чыгармачылык жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жордано Бруно.

Анын лекциялары жана талаш-тартыштарда схоластикалык жоболор менен диний канондорго каршы чыгып сүйлөгөндөрү философ-схоластар менен уламалардын арасында душмандык мамилелерди пайда кылгандыктан ал Англиядан Францияга, андан кийин Германияга кетүүгө аргасыз болот. Ал ар түрдүү университеттерде дарс окуп, шаардан шаарга кыдырып жүрөт. Германияда ал өзүнүн төмөнкү философиялык чыгармаларын жарыялайт: «Монада, сан жана фигура», «Чексиздик жана эсепсиздик жөнүндө», «Үч эсе эң аз аздык жана ченем жөнүндө».

Бруно Италияга кайтып келет да, Венецияда туруп калат. Көпкө узабастан ал ересь катарында айыпталып, түрмөгө отургузулат (1592). 1600-жылы инквизициянын соту болуп, Брунону өз көз караштарынан баш тартпагандыгы үчүн отко өрттөп өлтүрүүгө өкүм чыгарылат, Римдеги Гүлдөр аянтында бул жүзөгө ашырылат.

Пантеизм[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Брунонун философиялык көз караштарынын айрымалуу белгиси анын пантеизми болуп эсептелген. Ал бизди курчап турган дүйнөнү материя менен форманын бири-бирине куюлушунан турган бүтүн нерсе катарында караган. Аалам, Бруно боюнча, бирбүтүн, чексиз жана кыймылсыз. Аалам койнунда дайыма өзгөрүүлөр жана кыймылдар тынымсыз болуп турат, бирок жалпысынан ал кыймылсыз, анткени биздин айланабыздагы толуп турган нерселердин баары ошол аалам. Аалам — Кудай менен жаратылыштын, материя менен формасын, жекелик менен көптүктүн төп келүүсүнөн турат. Бирбүтүндүк (Единое) идеясы Брунонун философиясынын бардык негизги жоболорунан сызылып өтүп турат. Бруно үчүн Бирбүтүндүк бир эле убакта бытьенин маңызы жана анын бар болуп турушунун формасы. Бирбүтүндүк дегенибиз, Брунонун пикири боюнча, дүйнөдөгү бардык нерселерди — анын өзгөрүлүп турмагын да, анын туруктуулугун да түшүндүрүп берер категория. Бардык карама-каршылыктар менен кайчылыктар Ааламдын бир бүтүндүгү менен түшүндүрүлөт. Бруно мындай деп жазат: «Ошентип бардык формалар ошонун (Бирбүтүндүктө) өзүндө камтылган, демек, бардык аныктамаларды ага колдонууга болот, мына ушундан улам кайчы ой жүгүртүүлөр акыйкат болуп келип чыгат» [Диалогдор. М., 1949. 282-6.].

Материя[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламдын кучагында руханий жана дене субстанциялары бир гана бытьени түзөт, алардын тамыры бир деп баса белгилейт Бруно. Материяны Бруно «өзүнүн кучагынан формаларды жарата турган» башталма (түпнегиз) катарында карайт. Материя теңирлик нерсе жана табигый нерселерди, ошондой эле бүткүл жаратылыш менен субстанцияны жараткан, төрөгөн ээси, эң сонун эне деп аталууга тийиш» [Ошонун өзүндө. 267-6.]. Материя, демек, теңирлик касиетке ээ, ал «өзүн билдирип турат, бул анын теңирлигинин (Кудай сыяктуу) далили, ал — себепсиз себеп». Муну менен Бруно жаратылышты Кудай жараткан жана Кудай шарттаган деген идеяны, Кудайды жаратылыштын жашап турушунун сырткы булагы катарында караган идеяны четке каккан. Бул көз карашы менен Бруно радикал пантеизмдин позициясында турган.

Материяны Бруно атомдордон турат деп эсептеген, бул жагынан ал антик атомчуларды ээрчиген. Жаратылыштагы бардык нерсе, Брунонун окуусуна ылайык, бөлүнбөгөн (частицалардан) бөлүкчөлөрдөн, атомдордон турат, ал атомдор бардык нерселердин биримдигин аныктайт. Жаратылышты атомчулук көз карашта түшүнүүнү минимум концепциясы түрүндө аныктамалайт: дүйнөдө минимумдан башка эч нерсе жок, ал дүйнөдөгү бардык нерселерди, бүткүл максимумду аныктап турат. Бүт бардык күч минимумда камтылган, мына ошондуктан ал нерселердин максимуму болуп саналат.

Бир кыпындай учкун бүтүндөй бир оттун пайда болуу мүмкүндүгүн камтып турган сыяктуу минимум да максимумду аныктап турат. Ааламдагы абсолюттук минимум — бул атом, математикада — чекит, метафизика чөйрөсүндө — монада. Максимумду жана бирбүтүндүктү аныктоочу нерселердин баарын Минимум же монада түзөт. Монадада жаратылыштын бүткүл касиеттери чагылышып турат.

Минимум жана максимум[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул жерде Бруно карама-каршылыктардын диалектикалык дал келишинин позициясында турат. «Кимде ким жаратылыш сырларын көбүрөөк билгиси келсе,— деп жазат Бруно,— карама-каршылыктар менен кайчылыктардын минимумдары менен максимумдарын караштырып жана байкап көрсүн» [Ошонун өзүндө. 291-6.]. Өзүнүн диалектикасында Бруно Николай Кузанскийди ээрчий келет да, бирок бул диалектиканы бүткүл жаратылышка таратат.

Брунонун окуусу боюнча бүткүл Аалам жандуу, ага ичкерки жандуу башталма мүнөздүү, муну ал «дүйнөлүк жан» деп атайт. «Нерсе канчалык кунарсыз жана кичине болбосун, ал өзүндө руханий субстанциянын бир бөлүгүн камтып турат, эгерде, субьект керек деп тапса, ал өсүмдүк болууга, жаныбар болууга жана да ар кандай дененин мүчөлөрүнө ээ болууга умтулат, бул адатта жандуу нерсе катарында аталат» [Ошонун өзүндө. 211-6.]. Бруно жаратылыштагы өзүнөн өзү кыймылдоочу касиетке ээ болгон кыймылдын себебин жалпы жандуулуктун бар болуп турушу менен түшүндүрөт. Бүткүл жаратылышты жандуу деп таап, Бруно гилозоизм позициясында турган, гилозоизм ал кезде, схоластика менен теология үстөмдүк кылып турган шартта прогрессивдүү роль ойногон, анткени ал адамды жаратылыштын бир бөлүгү катарында тааныган.

Брунонун космологиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коперниктин гелиоборбордук теориясына таянып, Бруно космология маселелерин да иштеп чыккан, бирок Коперниктен ары кетип, ал ачкан теориядан алда канча радикалдуу корутундуларды жасаган. Ал, Аалам чексиз, биздин айланабызда бир гана Аалам бар жана анда эсепсиз сандагы дүйнөлөр камтылып турат деп эсептеген. Ар бир нерсе түбүндө келип бир гана чоңдукту билдирсе да, айрым нерселердин саны да чексиз. Брунонун бир гана Аалам бар экендигин таануусу дүйнөнү жараткан тышкы Кудайдын бар экендигин жокко чыгарат. Бруно креационизмди четке кагат жана өзүнүн пантеизмине таянып, жаратылыш дегенибиз нерселердеги Кудай, ал эми материя нерселердеги теңирлик бытье деп эсептейт.

Кудай ишкердүү принцип катарында нерселерде камтылып турат. Жаратылыш жана Кудай — бул экөө биригип бир гана нерсе, алардын түпнегизи да бир: бул негиз нерселердин жүрүшүн аныктай турган ошол эле тартип-ыраат, мыйзам. «Жаратылыш,— деп жазат Бруно, нерселерде ишке ашкан күч, жана бардык нерселер өз ырааты менен жүрүп турган — мыйзам». Бул сөздөрдөн Брунонун Кудай менен жаратылышты бирдей деп биле тургандыгы белгилүү болуп турат, бул бирдейлик бизди курчап турган дүйнөгө ичкери жагынан мүнөздүү болгон кыймыл менен өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүнүн жыйындысы катары түшүнүлөт.

Кудай тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баарынан да, Бруно Кудай-жаратылышты материя менен бирдей Деп карайт. Табияттагы нерселерден тышкары турган жаратылыш жок, бытьеден тышкары маңыз жок деп жазат Бруно. «Материя бардыгын өзүнөн жаратат, анткени жаратылыш ички нукта аракет кылуучу кыймыл, ал өзүн өзү кыймылга келтирет». Жаратылыш дегенибиз материя. Мына ошентип, Брунодо, Кудай — бизди курчап турган мыйзам ченемдүү дүйнөнүн экинчи аты болуп чыгат.

Панпсихизм концепциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Панпсихизм концепциясы Брунонун пантеизми менен тыкыс байланыштуу, дал руханий субстанция нерселердин көрүнүшүнүн бардык көп түрдүүлүгүн аныктайт. Руханий субстанция дегенибиз бардык түзүүчүлүк нерселер баштала турган негиз, «ал кеменин капитаны, үйдөгү үй-бүлөнүн атасы жана имаратты тышынан эмес, ичинен куруп, жөнгө келтире турган художник кандай болсо так эле ошондой» [Салтанаттанган жырткычты кууп чыгуу. СПб. 1914. 14-6.].

Тело сыяктуу эле руханий башталыш да телосуз жашай албайт, ал тело менен бирдикти түзүп турат, аны кыймылга келтирип жана башкарат, руханий башталмасыз тело бүлүнөт, ансыз ал жашай албайт [Ошонун өзүндө. 15-6.].

Анын панпсихизм жана «дүйнөлүк жан» концепциясы Брунонун тааным теориясын да аныктайт. Адамдын акыл-дээри, Брунонун окуусуна ылайык, бул «жандуу күзгү», анда жаратылыш жана нерселердин формалары чагылышып турат. Мына буга ылайык, таанымдын милдети нерселердин өзгөрүлүшүн башкарып турган мыйзамдарды аныктап, табууда турат. Дүйнөнү таанып-билүү процессинде тааным туюп-сезүүдөн элестетүүгө, элестетүүдөн дээр-зээнге, дээр-зээнден интеллектке, интеллекттен акыл-эске өтөт. Интеллект — «көзү бар күзгү», ал дүйнө жөнүндө активдүү ой жүгүртө алат. Акыл-эс болсо — «жандуу күзгү», дүйнөнү ал алакандагыдай көрүп турат, аны аян аркылуу, баамдоо-байкоо аркылуу, недир бир интеллектуал интуиция аркылуу таанып-билет. Бруно «натуралдык магияны» тааныган, бул ал үчүн жаратылыштын башта белгисиз болгон сырдуу күчтөрүн таанып-билүү жана ага ээ болуу дегендикти билдирген.

Философия жана теология акыйкаттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бруно эки акыйкат (философия акыйкаты жана теология акыйкаты) жөнүндөгү окууну четке кагып, таанымдын рационал каражаттарын жетекчиликке алган философия гана ачып бере ала турган жалгыз бир гана акыйкат бар деп эсептейт. Ал авторитеттерге сокурларча баш ийүүгө каршы чыккан жана философия күмөндөрлүктөн башталууга тийиш деп эсептеген, ал Декартка чейин эле күмөндүүлүктү философиядагы методологиялык принцип катары көтөрүп чыгып, курчап турган дүйнөнүн бар экендигинен жана аны таанып билүү мүмкүндүгүнөн кенедей да шек санаган эмес.

Брунонун, негизинен «Салтанаттанган жырткычты кууп чыгуу» жана «Баатырдык энтузиазм жөнүндө» деген эмгектеринде баяндалган этикалык көз караштары да көңүл бурууга татыктуу. Бруно үчүн адамдын өз парзын аткарууга арналган иш-аракети адеп-ахлак критерийи болуп саналат. «Ар кандай жаман жорук, ар кандай жалкоолук, бекерчилик, илээндилик менден кайт»,— деп жазат ал [Салтанаттанган жырткычты кууп чыгуу. 122-6.].

Бруно жандын өлбөстүгүнө ишенген эмес, жердеги бийик максат тын урматы үчүн баатырдык энтузиазмга, жанды аябоого чакырган. Адеп-ахлактык жүрүш-турушту баалоодо ал стоицизмдин позициясында турган жана татыктуу жүрүм-турум дене-бой кумарчылыгынан бошонууда, азап чегүүнү сезбөөдө турат деп эсептеген.

Брунонун Христиан динине мамилеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бруно, динге каршы, баарынан мурда, католик чиркөөсүнө каршы ачык позицияны туткан, бирок ошол эле учурда диний аң-сезим ар нерсеге акыл-эстүү мамилени сокур ишеним менен алмаштыргандыктан адамдын турмушуна тескери таасир көрсөтөт деп эсептеп, бүткүл христиан догматикасын сынга алат. «Салтанаттанган жырткычты кууп чыгуу» деген эмгекте ал Юпитердин сөзү менен диний окуунун мазмунун баяндайт: «Ак-кара имиш; адамдын акыл-эси бардыгын бардыгынан жакшы көрүп-билип тургандай сезген учуру — анын эч нерсе көрбөгөн көр болуп турган учуру имиш; акыл-эске ылайык эң асыл жана эң мыкты дегендердин баары — уятсыздык, кылмыш жана өтө жаман нерселер имиш; жаратылыш — аягы суюк ургаачы, табият мыйзамы — алдамчылык имиш; жаратылыш менен теңирчилик бирдей бир максатка умтулбайт имиш... мейли муну менен кошо ал адамдарды философия жана ар кандай изилдөөлөр... адепсиздик экенине, ал эми түркөйлүк — эң жакшы илим экенине жана ага ээ болуу үчүн эмгектин да, жанды кыйнап капалануунун да кереги жок экенине ишендире берсин» [182-6.].

Бардык диний ишмерлерди, динди негиздөөчүлөрдү жана реформалоочуларды, апостолдор менен пайгамбарларды, кереметтүүлөр менен уламаларды ал «шектер» деп атаган, анткени алар адам акылын кемсинтет. Ыйык христиан докторлору «кыймылдабай, колдорун куушуруп отуруп беришти, көздөрүн жумуп, ар кандай кызыгууну жана иликтеп-үйрөнүүнү кууп салышты, ар кандай адам акыл-оюн айыптап, ар кандай табийгый сезимдерден баш тартып, акыры түбү эшекке окшоп калышты» (Диалогдор. 485-6.). Ошол эле убакта Бруно цивилизациясы төмөн адамдар үчүн, аларды башкаруу үчүн диндин керек экендигин моюнга алат.

Аяндан келүүчү догматикалык диндин ордуна, Брунонун ою боюнча, келечекте «акыл-эс дини» келет. «Акыл-эс дини» деп ал демейки диний аң-сезимден олуттуу түрдө айырмаланган бирдемени түшүнгөн. «Акыл-эс дини», Бруно боюнча, культтан жана ырым-жырымдардан, тиги дүйнө жөнүндөгү догматтардан, адамга окшогон Кудайга ишенүүдөн, тиги дүйнөдөгү кечирим жана жазалануу жөнүндөгү окуудан, жандын өлбөстүгүнө ишенүүдөн эркин болот. Бруноүчүн «акыл-эс дини» — философиялык көз караштар менен адеп-ахлак эрежелеринин жыйындысы, алар фанатикалык диний культтардан жана жалган ишенимдерден эркин. Брунонун философиясы өзүнөн кийинки философиялык ой-пикирлерге зор таасир көрсөткөн: анын пантеизми Б.Спиноза тарабынан өнүктүрүлгөн, монада жөнүндөгү ой-пикири Лейбництин монадологиясында чагылдырылат, анын диалектикалык идеялары XIX кылымдагы немец философиясында өнүгүүгө ээ болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]