Жорес Иванович Алферов

Википедия дан
Жорес Иванович Алферов (2012).

Жорес Иванович Алферов (белор. Жарэс Iванавiч Алфёраў; 1930-жылы 15-мартта Беларус ССРинин Витебск облусундагы Чашники шаарында туулган) - советтик жана орусиялык физик, физика боюнча Нобел сыйлыгынын орусиялык (Орусияда жашаган) көзү тирүү жалгыз лауреаты. 1991-жылдан бери Орусиянын Илимдер академиясынын вице-президенти. ОИАнын Санкт-Петербург илимий борборунун Президиумунун төрагасы. 1965-жылдан тартып КПССтин мүчөсү.

СССР ИАнын академиги (1979; 1972-жылы мүчө-корреспонденти). Ленин сыйлыгынын (1972), СССР Мамлекеттик сыйлыгынын (1984), Орусиянын Мамлекеттик сыйлыгынын (2001) лауреаты. "Мекенге кызматы үчүн" төш белгисинин толук кавалери.

АКШнын Улуттук илимдер академиясынын (1990), Кытай Илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү, АКШнын Инженердик академиясынын (1990), Беларус (1995), Молдава (2000), Азербайжан (2004) Илимдер академияларынын мүчөсү, Армениянын Илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү.

(1995-жылдан тарта) ОФ Мамлекеттик Думасынын депутаты. 1989-жылы СССР ИАнын атынан СССРдин эл депутаты болуп шайланган. 1995-жылы декабрда Алферов Мамлекеттик Думанын экинчи чакырылышына "Биздин үй - Орусия" (орус. Наш дом - Россия) кыймылынан шайланган; 1999, 2003, 2007, 2011, 2016-жылдары ОФ Мамлекеттик Думасына ОФКПнын (орус. КПРФ) партиялык тизмесинен, партиянын мүчөсү болбой туруп, кайра шайланган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]