Жээнбаев, Жаныбек

Википедия дан

Жээнбаев Жаныбек (1931-ж, Түп району, Күрмөнтү айылы-2007-ж.) —физика-математика илимдеринин доктору (1970) профессор (1972), Кыргызстан ИАнын академиясы (1989; 1987-жылдан мүчө). Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1992).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1956-ж. КМУну бүтүргөн.
19б0-69-ж. Кыргыз ССР ИАнын Физика-математика институтунда газ разряддар физикасы лабораториясыны башчысы, 1969—76-ж. директордун илим боюнча орун басары, 1976-жылдан институттун (1984-жылдан Физика институту) директору жана атомдук спектроскопия лабораториясынын башчысы, 1993-жылдын декабрынан Кыргыз Республикасынын УИАсынын вице-президенти.
Жээнбаевдин негизги илимий изилдөөлөрү атом спектроскопиясы менен плазма физикасына арналган. Анын жетекчилиги менен Кыргызстанда 1-жолу төмөнкү температуралуу плазма генератору түзүлүп, бир жана эки агымдуу плазматрондор, плазма диагнозун коюу методдору, спектроскопия жолу менен анализдөө иш жүзүндө колдонууда.
200ден ашык илимий эмгектин (анын ичинде 20 ойлоп чыгаруунун, 6 монографиянын (авторлош)) автору.
Эл аралык (Болгария, ГДР, Испания) жана мурункуу Бүткүл союздук Кеңешмелерге илимий докладдар менен катышкан. 1962-ж. Кыргызстан ИАнын изилдөө-математика институтунда газ разряддар физикасы лабораториясын уюштурган.

Орус тилиндеги эмгeктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Двухструйный плаэматрон. — Фр.: 1983 (В. С. Энгельшт менен авторлош);
Плазменные процессы и их применение в технике / Под ред. академика Жээнбаева Ж. — Б.: 1994;
Спектралдык анализ жана илимге, техникага колдонулушу. — Фр.: 1983.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимге кеткен изги жол Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine