Жөө жомоктор

Википедия дан

Жөө жомоктор. Эпосто тигил же бул деңгээлде жомоктук сюжет, кейипкер, жомоктук кагылышуулар менен байланышпаган кандайдыр бир эпизодду атоо кыйын. Ушунун өзү эпостун сюжетинин өзөгү тээ байыртадан жомок менен өз ара тыгыз карым-катнашта өнүккөндүгүн айгинелейт. Демек, сыйкырдуу жомок байыркы эпикалык сюжет менен тең жарыша калыптанган деп ойлоого негиз берет. Карыя Кошой го байланышкан эпикалык сюжетте жомоктук мотивдер анын аялы Аруукенин аңгемесинин негизинде өнүгөт. Калмак каны Кырмус шаага каршы аттанган күйөөсүнө Арууке анын жолу коркунучтуу экенин айтып, бөөдө кырсыкка учурабоо үчүн сак болушун эскертет, жолдо кезиге турган кырсыктар жөнүндө алдын ала айтып, этиятсыз бир дагы иш жасабоосун тапшырат (тыюу салуу жомокторго мүнөздүү белгилердин бири). Жолуңан дырдай жылаңач бала кезиксе аны карабай улам чүкө ыргытып бастырып кете бергин, ал чүкө сунса албагын дейт:

Маңгуттан өткөн жолунда

Жып-жылаңач башы бар,

Сегиз-тогуз жашы бар,

Жылаңайлак, жылаң баш,

Көйнөгү жок жылаңач...

Колу тийсе чылбырга

Аты-тонуң барысы

Күйүп-жанып кетер деп... (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу 572-инв.).

Арууке андан ары Кошойго эгерде жолуңан колуна кумган кармаган жалгыз аял кезиксе кумганга колуң тийгизбе, кумганга тийсең сел жүрүп кетет, ошондуктан аялды алаксытуу үчүн ага бугу атып, тарамышын бергин дейт. Аял жана бала Кырмус шаанын кубулуп алышкан сыйкырчылары экенин айтат. Эпизоддогу окуялар Кошой дун аялы алдын ала айткандай эле өөрчүп олтурат. Башка кейипкерлерге салыштырганда жомоктук эпизоддор көбүнчө Кошой го байланыштуу айтылат, укмуштуу окуяларга Кошой көбүрөөк катышат. Ошол эле Кырмус шаага каршы жортуулунда Кошой аны өлтүрүп, кийимин кийип, тактысына олтурат; Кошой дун келиши жөнүндө кабар бере турган эң күчтүү алты сыйкырчысын өлтүрүүгө буйрук берет. Бирок алардын жаны кара кучкач болгондуктан сууга салса чөкпөйт, отко жакса күйбөйт, ошондуктан аларды өлтүрүү үчүн адегенде кара кучкачтарды өлтүрүү керек эле. Бул сыйкырчылардын жанын алуу үчүн аларды орго салдырып, үстүнө тор салып, от жактырып коёт. Сыйкырчылардын жандары кара кучкач кейпинде ордон учуп чыгып, торго чалынганда кармап алып, баштарын жулуп салышат. Ошентип, жомоктук сюжет эпосто жанрдын бардык негизги белгилери боюнча өнүгөт, жай башталган окуялар улам чиеленишип, бир катар укмуштуу көрүнүштөр менен окуялар биринин артынан экинчиси баяндалып олтурат. Ошентип, Кырмус шаага каршы жортуулунда Кошой душманды балбандыгы жана баатырдыгы менен гана эмес, өзүнүн аярлыгы, дуба окуп, башка нерсеге айланып кетүү өнөрүнүн жардамы менен жеңишке жетишет. Кошой Кырмус шаанын калаасына кирерде капканы кайтарган чалды өлтүрүп, анын мойнундагы Будданын бедизин көрөт. Бөтөн элдин бир да сөзүн түшүнбөгөн Кошой ал бедиздин киндигиндеги ачкычты бурар замат алардын тилин түшүнө баштайт:

Ачкычын колуна алганы,

Киндигине салганы,

Бурап-бурап ийгени

Көңүлүнө Кошой дун

(Калмактын) сөзү киргени (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 572-инв.).

Кошой дун ар кандай дөөлөр, сыйкырчылар менен укмуштуудай күрөшү, анын кубулуп турушу эпостун алгачкы, байыркы мезгилдеринде каармандардын мифтештирилген кейипкерлерге, каардуу дөөлөргө каршы күрөшүн эске салат. Кыязы мифтик кейипкерлерге каршы күрөш сыяктуу байыркы мотив бул жерде баатыр кыз менен күч сынашып, аны жеңгенден кийин ага үйлөнүү сыяктуу жомоктун кийинчерээк пайда болгон сюжеттик элементтери менен толукталып отурат. Эпосто эпикалык жомоктук сюжеттердин мифтер менен байланышы, айрыкча, жалгыз көздүү дөөгө ( Сагымбай Орозбаковдун вариантында Макел дөө; Саякбай Каралаевдин варианты нда Мадыкан) каршы күрөштө ачык байкалат. Эпосто Макел дөө душмандын кара күчтөрү катары анын бейнесинде баскынчы душмандын бардык терс сапаттары чогултулган. Эпикалык баяндоодогу жомоктук сюжет жанрдын негизги фантастикалык элементтери сакталуу менен өзгөрүүгө дуушар болуп, чындыкка жакындашат. Мисалы, Маңдайында жалгыз көзү, төбөсүндө мүйүзү бар, денесин бүт түк баскан, күн күркүрөгөндөй үнү бар Макелдин өзгөчө көрүнүшү фантастикалык гиперболалаштыруу менен катар анын адамча сүйлөй алышы реалдуу сүрөттөлөт:

Байкаса адам үн өңдүү

Оозун ачып сүйлөсө

Обо жарган обосу

Күркүрөгөн күн өңдүү...

Аңдап көрсө дидары

Ажыдаар түр өңдүү (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 585-инв.). Эпостогу фантастикалык кырдаалдар каармандардын баатырдык сапатынын кеңири ачылышына шарт түзөт. Фантастикалык күчтөрдү канчалык көбүрөөк жеңген сайын баатырдын жакшы сапаттары — каармандыгы, кыраакылыгы, эпчилдиги, эрдиги, акылдуулугу ачык көрүнө баштайт. Мисалы, Бээжинге жетип, Чоң казат башталганча Манас, анын аскери ар кандай сыноолорду баштарынан кечирет. Баатырдын кармашуучу жоосу сырттан кол салууга каршы абдан сак турат. Кароолдогу "куу өрдөк", "куу кулжа" сыяктуу сергек сакчы-кабарчылары душмандын аскерлери көрүнөр замат дароо кабар беришет.

Куу өрдөк деген өрдөк бар

Канатынын баарысын

Карк алтынга каптаган,-

Куйругунун баарысы

Зумурутка чаптаган (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 285-инв.).

Душмандын келаткандыгы жөнүндөгү кабар кулжанын мүйүзүндө жазылуу. болот. Эпосто Бээжин укмуштуу көрүнүштөр менен кубулуштарга бай өлкө катары баяндалат. Калаага кирүү үчүн кууш капчыгайга арта салынган темир тирөөчтүү сыйкырдуу темир көпүрө аркылуу өтүү керек. Көпүрөнү кайтарган көптөгөн кароолчулар, коркунучтуу жырткычтар, ажыдаар жана ар кандай сыйкырдуу сөлөкөттөрдүн бардыгы душмандын жүрөгүнүн үшүн алуу үчүн коюлган. Алмамбет бул көпүрөнүн сырын билгендиктен Манас, Чубак жана Сыргакка сак болгула, менсиз көпүрөдөн өтпөгүлө деп эскертет. Бээжин шаарынын табышмактуулугуна жана укмуштуулугуна карабастан анын сүрөттөлүшү реалдуулукка жакын — укмуштуу шаар сюжеттин өнүгүшүндө тарыхый топонимика, душмандын сан жеткистигин реалдуу баяндоо, анын адаттарын жана кулк-мүнөзүн сүрөттөө менен конкреттештирилет. "Манас" эпосунда жомоктун сюжети конкреттүү көрүнүштү дайыма толугураак жана айкыныраак ачып турат. Сюжет канчалык фантастикалуу болгону менен ал жыйынтыгында реалдуу чечилет. Манастын кырк чоросу өзүлөрүнүн каармандыгы, тапкычтыгы, кыраакылыгы менен сыйкырдуу, каардуу, бардык кара күчтөрдү жеңип чыгышат. Эпостогу жомоктук оң кейипкерлердин баатырдык сапаттарын даңазалап турат. Ошондой болсо да каарман — баатырдын баяндалышында эпос өзүнүн кульминациясына жеткенге чейин ал өз очогун коргогон жеке баатырдан уругун, уруусун, андан кийин элин коргогон элдик баатырга айланганга чейин узак жолду басып өткөн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4