Заднепровский, Юрий Александрович

Википедия дан

Заднепровский Юрий Александрович (1924, Ленинград облусу, Гатчина ш. – 1999) – тарых илиминин доктору (1979). 1950-жылы Ленинград университетинин тарых факультетин бүтүргөн. СССР ИАнын Археологиялык институтунун Ленинград бөлүмүнүн улук илимий кызматкери, Фергана экспедициясынын начальниги.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 170ке жакын эмгеги жарык көргөн, эмгектеринин көпчүлүгү Кыргызстандын байыркы тарыхына жана археологиясына арналган. Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагына 30 археологиялык экспедиция жасаган.
Соңку коло доорунун Чуст маданиятына таандык байыркы эстеликтерди изилдеген. Ош тургун жайы жана башкалар калк журт кылган жерлерди казып, изилдеген.
Биздин заманга чейин 4–1-кылымдарга таандык Шоробашат маданиятын, Өзгөн, Мады жана Ош шаарларын изилдеген. Байыркы мезгилдеги көчмөндөрдүн тарыхын жана маданиятын изилдөөгө чоң салым кошкон.

Кошумчалоону эп кордум: Ю. А. Заднепровский 1953-жылдары азыркы Лейлек районуна караштуу байыркыдан калган тарыхый Булак-Башы шаар чалдыбарын изилдоого жетишкен. Ал кездеги байыркы тарыхый айылдын аталышы ЭСКИ-СYЛYКТYY болчу.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]