Земфира

Википедия дан
Земфира Рамазанова
Земфира Тәлгать кызы Рамазанова
Негизги маалымат
Толук ысымы

Земфира Талгатовна Рамазанова

Туулган датасы

26 -август 1976(1976-08-26) (47 жаш)

Туулган жери

Уфа, Башкырт АССРи, РСФСР, СССР

Өлкө

 Орусия

Аспаптары

клавишалар, гитара, тамбурин, ударныйлар, мелодика[1]

Жанрлары

орус рок, поп-рок, инди-рок[2]

Активдүү жылдары

1998 — азыркы учурда

Жамааты

Zемфира,
The Uchpochmack

Кызматташтык

Илья Лагутенко, Юрий Цалер, Сергей Шнуров, «Браво», Игорь Вдовин, Патти Смит, Queen, Дэвид Браун, Моральный Кодекс, Mujuice

Земфира (толук аты-жөнү Земфира Талгатовна Рамазанова (тат. Земфира Тәлгать кызы Рамазанова); 1976-жылы 26-августта, СССР, РСФСР, Башкыр АССРинде туулган) - орус рок-ырчысы, музыкант, композитор, продюсер жана акын. Земфира, журналисттер "аял року" деп аташкан орус рокунун жаңы кыймылынын жүзү катары таанылган.

Земфира 1998-жылдын башында Уфадан Москвага көчүп, ал жерде өзүнүн "Zемфира" тобу менен бир жылдан кийин чыккан, алгачкы студиялык альбомунун үстүндө иштеген. 1999-жылдан тартып, Земфира коомчулуктун жана прессанын көңүлүн өзүнө бура алган алты студиялык альбом чыгарган. Мындан тышкары анын дискографиясына би-сайддар жыйнагы жана эки концерттик альбом кирет. Анын лирикалык изденүүлөрүнөн ошол таптагы жаштардын руханий толгонууларын жана издөөлөрүн байкашкан. 1999-жылы "Огонёк" журналы Земфираны "муундун жарылып чыккан үнү" деп атаган. Кесиптик жолунда ырчынын көптөгөн ырлары Орусиянын музыкалык чарттарынын сап башында турган. Алардын арасында "Ариведерчи", "Издегем" (орус. Искала), "Трафик", "Сейил" (орус. Прогулка), "Талкаландык" (орус. Мы разбиваемся) жана "Айла жок" (орус. Без шансов) аттуу ырлары бар.

Земфира сынчылардын оң баасына татыган "Жашыл театр Земфирада" (орус. Зеленый театр в Земфире) (2008) аттуу музыкалык тасмага продюсерлик кылган. Земфира, режиссёр Рената Литвинова менен биргеликте "Ританын акыркы жомогу" (орус. Последняя сказка Риты) (2012) аттуу тасманын продюсерлеши болгон жана тасманын музыкасын жазган. Аталган тасма Эл аралык 3-Одесса кинофестивалынын жана Эл аралык 34-Москва кинофестивалдарынын конкурстук программаларына катышкан. Мындан тышкары Рената Литвинованын "Кудай: кантип сүйүп калдым" (орус. Богиня: как я полюбила) ж.б. тасмаларына музыка жазган. Земфиранын "Ырахмат" (орус. Спасибо) альбомунан бир канча ыр Кира Муратованын "Шарманка үчүн обон" (орус. Мелодии для шарманки) тасмасында жаңырат; "Түбөлүк кайтуу" тасмасында болсо, кадрда бир канча ирет "Риголетто" операсынан ырчынын аткаруусундагы "Герцогдун ырлары" (орус. Песенкки герцога) концерттик жазмасында көрсөтүлөт.

1999-жылы шоу-бизнеске баш баккандан бери Земфиранын тыш келбетинде, сахнада жана журналисттер менен маектешүүдөгү жүрүм-турумунда көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Анын көпчүлүк алдындагы кылык-жоруктары өөн учурап, прессада жагымсыз маанай жараткан. Мындан тышкары Земфира кынаптуулугу жана музыка продюссерлери менен катуу пикир келишпестикетери менен өзгөчөлөнөт. Ошондуктан ал өз альбомдоруна өзү продюсерлик кылат. Земфиранын музыкалык стили рок жана поп-рокко таандык деп эсептелет. Анын музыкасынан гитаралык поптун таасирин жана жазз менен боса-нованын айкалышын байкашат.

2004-жылы 9-класстар үчүн тарых окуу китебинин "Руханий жашоо" бөлүмүндө Земфиранын аты аталып, ал "таптакыр башка" жаштардын музыка маданиятынын баштоочусу катары эскерилген (окуу китептин автору - Москва мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору Александр Данилов). Земфира 2000-жылдардагы жаш топторго, дегеле жаш муунга чоң таасир калтырган. 2010-жылдын ноябрында, анын дебюттук альбому "Афиша" журналы тарабынан "Бардык мезгилдердеги 50 мыкты орус альбому. Жаш музыканттардын тандоосу" тизмесине кирип, анда бешинчи сапты ээлеген. Рейтинг Орусиянын ондогон жаш музыкалык топторунун өкүлдөрүнүн арасында жасалган сурамжылоого ылайык түзүлгөн. Бул тизмеге "Сүйүүм, мени кечире көр" (орус. Прости меня моя любовь) альбому да кирген (43-орун).

Земфира 2012, 2013 жана 2014-жылдары "Эхо Москвы" радиостанциясы, РИА Новости, "Интерфакс" маалымат агенттиктери жана "Огонёк" журналы тарабынан түзүлгөн "Орусиянын эң таасирдүү жүз айымы" рейтингине кирген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Калып:Статья
  2. Zemfira (англ.). Биография на iTunes Store. Apple Inc.. Текшерилген күнү 21 -февраль (бирдин айы) 2017.