Зиало (эл)

Википедия дан

Зиало́ (англ., фр. Zialo) — Гвинеянын түштүк-чыгышында (Нзерекоре провинциясы) жашаган эл.
Саны 25 миң адам.

Тил

Зиало тили Нигер-конго макробүлөсүнүн курамындагы манде уясына кирет. Жазуусу жок. Француз тилин расмий максаттарда колдонулат.

Дин

Калктын көпчүлүгү христиандар. Мусулмандар да бар (чоң айылдарда). Жергиликтүү салттуу ишенимдер (анимизм) сакталууда.

Чарбалык иштер

Кол менен иштетилген тропикалык жер чарбасы (күрүч, маниок, таро). Аңчылык. Балык жана рак сымалдууларды уулоо (дарыяда, көлдө).
Негизги соода азыктары кофе жана пальма майы.

Тарых

Уламыш боюнча, зиало токойлуу Гвинеяга түштүктөн, азыркы Либериядан келген. Зиало банди (Либерия) жана менде (Сьерра-Леоне) элдерин тууган деп эсептейт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]