Мазмунга өтүү

Зуура Сооронбаева

Википедия дан
Зуура Сооронбаева
Сооронбай кызы Зуура
Туулган датасы:

15 -август 1924(1924-08-15)

Туулган жери:

Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Жол-Колот айылы,

Өлгөн датасы:

16 -апрель 2012(2012-04-16) (87 жаш)

Өлгөн жери:

Бишкек

Зуура Сооронбаева - жазуучу, акын, драматург, актриса, журналист.

Зуура Сооронбаева Ак-суу районундагы Жол-Колот айылында 1924-жылы 15-августта туулган[1].

1940-жылы орто мектепти бүтүп, эмгек жолун «Ысык-Көл правдасы» газетинин редакциясында секретарь-машинистка болуп иштөөдөн баштаган.

1959–1974-жж. район аралык «Коммунисттик эмгек» гезитинде кабарчы, 1974–1979-жж. кайрадан «Ысык-Көл правдасы» гезитинде кабарчы болуп иштеген. Биринчи поэтикалык жыйнагы «Менин айылым» деген ат менен 1960-жылы жарык көргөн. Ал бир нече прозалык чыгармаларды жаратып, алардын арасынан 1971-жылы жарык көргөн «Астра гүлү» повести орус тилин-де 1979-жылы «Осенние цветы» деген ат менен басылып чыккан.

Зуура драматургия жанрында да бир нече пьесаларды жазган. Мисалы «Эркек колукту», «Сынган мазар», «Байлык жана махабат», «Өрттүү таң». Анын «Сынган мазар» пьесасы казак тилине которулуп, «Илдет» деген ат менен Абай атындагы Жамбул театрында коюлган.

Зуура бир катар роман, повесть, аңгемелердин жана эсселердин жазуучу. «Чоочун киши» романынын уландысы окурмандардын суранычы боюнча жазылып, экинчи китеп болуп чыккан.

1953-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1954-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

1992-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери», 1995-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу» деген наамдар берилген. «1941–1945-жж. Улуу Ата-Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн», «1941–1945-жж. Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 30 жылдыгы», «Жеңиштин 40 жылдыгы», «Эмгек ардагери» медалдары менен, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Менин айлым: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 72 б.
  • Достук: Ырлар. поэмалар. – Кыргызстан, 1966. – 99 б.
  • Жетимдер: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 124 б.
  • Астра гүлү: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 239 б.
  • Ак чач аял: Повесттер. – Ф.: Мектеп, 1976. – 207 б.
  • Жапайы розалар: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, – 197 б.
  • Андрей: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 184 6.
  • Астра гүлү: Повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 400 б.
  • Тоолор билет: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 111 б.
  • Эс алчы, апа: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1985. – 12 б.
  • Чоочун киши: Роман. – Ф.: Адабият, 1988. – 1–2-китеп. – 700 б.
  • Ленинграддан келген кат: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1989.
  • Арман: Роман. – Б.: Бийиктик. 2002. – 528 б.
  • Махабат баяны: Аңгемелер жыйнагы. – Бийиктик, 2004. – 32 б.
  • Осенние цветы: Рассказы, повести. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 192 с.
  • Эркек колукту (комедия). К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл драмтеатры. 1986.
  • Сынган мазар (трагедия). К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл драмтеатры. 1989.
  • Илдет («Сынган мазар»). Абай атындагы Жамбыл драмтеатры. 1992г.
  • Байлык жана махабат. К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл драмтеатры. 2001.
  • Өрттүү таң М.Рыскулов атындагы Нарын драмтеатры. 2001.
  1. Зуура Сооронбаева — биография, книги, отзывы, цитаты. livelib.ru.