Идома (эл)
Идома | |
Идомдук жаш аял куурулган ямс жасап жатат. | |
Мамлекеттер жана аймактар | |
---|---|
Бардыгы: 3,5 млн | |
Тили |
идома |
Дини |
Ислам (сүннөтөр), |
Расалык тиби |
Идома (окпото, араго) — Нигериянын борборунда (Бенуэ штаты) жашаган эл[1].
Саны 3,5 млн адам[2].
Идома бир нече субэтникалык топторго бөлүнөт:
авуме, агала, агату, адока, боджу, игумале, ичама, обоколо, оглеву, оквога, окпото, орокаму, отукпа, отуркпо, очекву, очобо, янгедде.
Тил
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Идома тили Нигер-конго макроүй-бүлөсүнүн курамындагы ква уясына кирет.
Идома тилине кирген диалектилер:
борбордук (отуркпо, же акпото), батыш (оквога, отукпа, ичама), түштүк (игумале-агала), түндүк (очекву, агату).
20 кылымдан баштап латын алфавитин колдонушат.
Дин
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калктын көпчүлүгү мусулмандар (сүннөттөр) жана христиандар (католиктер).
Жергиликтүү салттуу ишенимдер да сакталууда. Жамгырдын эң жогорку кудайы – Ово деген ишеним кеңири тараган, ал жерде пахта дарагы түрүндө чагылдырылган. Ата-бабалар жана токойдун рухтарынын культу.
Чарбалык иштер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Негизги салттуу кесиптер — кол менен иштетилген тропикалык жер чарбасы (ямс, маниок, таруу, сорго, жүгөрү, жашылчалар) жана балык уулоо болуп эсептелет.Ошондой эле жыйноочулук (май пальманын жемиштерин чогултуу) жана аңчылык да өнүккөн.
Чоң шаарларда заводдордо жана көмүр кендерде да иштешет.
Кол өнөрчүлүк
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- темир устачылык;
- токуучулук;
- карапачылык;
- кездеме боёо.
Кийим
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жамбашка оролгон кездеме болгон салттуу кийимдер акырындап европалык үлгүдөгү кийимдерге алмашып жатат.
Тамак-аш
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Идома рациону өсүмдүк азыктарынан (ботколор, сорполор, жашылчалар) жана балыктан турат.
Турак жай
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алар эки типтеги калктуу конуштарда жашашат: суунун жээктеринде же токойдо (негизинен түштүктө) чоң кыштактарда жана чачыранды кожолуктар. Салттуу турак жай — чатыры конус түрүндөгү саман же чөп менен жабылган сокмо (чопо) кепе кеңири таралган.
Коом, маданият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Коомдук уюмдун негизин чоң үй-бүлөлөр (оле) жана патрилинейлик кландар түзөт.
Аксакалдар коомдо маанилүү роль ойнойт. Туугандык эсеп — аталык.
Ырымдар, салттык үрп-адаттар, календарлык майрамдар, элдик оозеки чыгармачылыктын негизги жанрлары сакталып калган. Аңчылык ырым-жырымдар, бутпарастардын жүрүштөрү. Мурда аземдеринде ритуалдык маскаларды кеңири колдонгон жашыруун жана бий коомдор болгон. Икенганын ритуалдык отурган аял айкелдери кеңири таралган.
Келип чыгышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Идома топторунун көбү өздөрүнүн этникалык тегин Джукун өлкөсү менен байланыштырса, айрымдары өздөрүн игаланын тукумдары деп эсептешет.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- https://bigenc.ru/ethnology/text/2000488 Archived 2022-09-25 at the Wayback Machine
- https://artsandculture.google.com/entity/m07l585?hl=ru Archived 2022-09-25 at the Wayback Machine