Изоляциянын тешилиши

Википедия дан

Изоляциянын тешилиши - электр чыңалуусунун таасиринен изолятор (диэлектрик) материалынын изоляциялык касиетин жоготуп, электр тогун өткөрүүчүлүгү.

Изоляторго берилген чыңалуу ошол изолятор үчүн белгиленген чектик чыңалуудан ашып кетсе, ал изолятордо разряд пайда болот. Суюк же газ абалындагы диэлектрикте разряд жүргөндө талкаланып бузулган бөлүкчөлөрдүн ордуна башка бөлүкчөлөр орун алмашып, анын изоляциялоочу касиети калыбына келип калат. Катуу диэлектрикте анын материалы да өзгөрүлүп, ал эрип же күйүп кетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.