Иманалиев, Сыдык Садырбаевич

Википедия дан

Сыдык Садырбаевич Иманалиев (Sydyk Imanaliev; 15.5.1961) — кыргыздын заманбап философ окумуштууларынын бири, философия илимдеринин кандидаты (2007), доцент (2013). Учурда С.Нааматов атындагы НарынМУнун тарых, философия жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын башчысы болуп иштейт. Кыргыз Тарых Коому эл аралык коомдук бирикмесинин мүчөсү.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыдык Иманалиев Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Жан-Булак айылында 1961-жылдын 15-майында туулган.

Атасы - Садырбай Иманалиевдин кесиби колхозчу болгон, бухгалтер кызматын да аркалаган (1922-жылы туулган), уруусу - моңолдор. Энеси - Калый Курамаева, үй кызматчысы болду (1922-жылы туулган). Сегиз бир туугандын жетинчиси.

Айылда орто мектепти 1978-жылы аяктаган.

Эки жыл иштеп, анан советтик армияда 2 жыл кызмат кылды.

1982-87-жж. Кыргыз улуттук университетинде тарых факультетинде окуду.

1987-89-жж. Бишкекте орто мектепте иштеди.

1989-94-жж. Абылкасым Жутакеев атындагы Жан-Булак орто мектебнде тарых мугалими болуп иштеди.

1994-95-жж. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде тарых, философия, маданият таануу кафедрасында окутуучу жана изденүүчү болду.

1996-жылдан азыркыга чейин С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде окутуучу, доцент, кафедра башчы болуп иштеп келет.

Илимий чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыдык Иманалиев философия жана педагогика жаатында бир катар эмгектер жарыялаган.

Ал 2007-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын философия жана укук институтунда "Манас" эпосундагы адам болмушу" аттуу темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, философия илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган. Илимий жетекчиси - профессор Жамгырбек Бөкөшев (Бокошов).

Ал жетектеген кафедра тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1996-жылы “Социалдык-гуманитардык” кафедра болуп түзүлгөн.

2003-жылы “Философия жана социалдык дисциплиналар” кафедрасы.

2007-жылы “Тарых жана социалдык дисциплиналар” кафедрасы.

НМУнун 2009-жылдын 1-сентябрындагы № 394/1 буйругу менен “Тарых, философия жана мамлекеттик башкаруу” кафедрасы болуп кайра түзүлгөн.

Кафедра учурда “тарых” мугалимин жана “мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат” адистиктерин даярдап чыгарат.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү. Жубайы - Айнагүл Керимкулова. Кыздары - Билим (1989), Илим (1992), уулдары - Сыймык (1998), Бакай (2001).

Эмгектеринин тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Иманалиев С.С. Проблема человеческого бытия в эпосе "Манас": автореферат диссертации на соискание ученой степени к.филос.н.: специальность 09.00.03 / Иманалиев Сыдык Садырбаевич; Нац. акад. наук Кыргыз. Республики, Ин-т философии и права. - Бишкек: 2007. - 26 с.: ил.; 21 см.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]