Иметов Букарбай Иметович

Википедия дан
Иметов Букарбай Иметович
Жалпы маалымат
Аты-жөнү: Иметов Букарбай
Туулган жылы: 1951-жылы 5-январь
Туулган жери: Ош облусу
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Илимий чөйрөсү: [[]],
Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети, Искусство факультети
Илимий даражасы  :Педагогика илимдерининкандидаты (2015)
Илимий наамы: Профессор

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иметов Букарбай 1951-жылы 5-январда Ош обулусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз- Ата айыл өкмөтүнүн Ак -Булак айылында туулган; 1966- жылы Ноокат районундагы Карл Маркс атындагы орто мектепти бүтүргөн; 1966-68-жылдары Кызыл-Кыя шаарындагы №2- кесиптик техникалык окуу жайында окуп, жыгач уста кесибине ээ болгон; 1968-70-жылдарда Ноокат районуна караштуу Тельман кохозунда курулуш бригадасында эмгектенген; 1970-72-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн; 1972-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык и институтунун музыкалык педагогикалык факультетине кирип, 1976-жылы музыка мугалими кесибине ээ болгон; 1976- жылы Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинде лаборант, ага лаборант болуп эмгек жолун баштаган; 1999 –жылы даярдоо бөлүмүнүн окутуучусу, музыкалык тарбиялоонун усулу жана теориялык сабактар кафедрасынын окутуучусу; 1984- 1988 жылы Москвадагы В.И.Ленин атындагы педагогикалык институтунда стажер, аспирант; 1988-жылы Москвадагы В.И.Ленин атындагы педагогикалык институтунун «Жогорку мектептин педагогикасы жана психологиясы» кафедрасында кандидаттык диссертациясын коргогон, педагогикалык илимдердин кандидаты; 1989-жылы “Музыкалык тарбиялоонун усулу теориясы жана музыкалык аспаптарда ойноо” кафедрасынын башчысы; 1994-жылы ОшМУнун тарбия иштери боюнча проректор; 1997-жылы ОшМУнун алдындагы “Квалификацияны жогорулатуу жана адисттерди кайра даярдоо” институтунун бөлүм башчысы; 1998- жылдан баштап “Квалификацияны жогорулатуу жана адисттерди кайра даярдоо” институттунун директору; 1999-жылдын ноябрь айынан баштап университеттин профсоюз комитеттинин төрагасы; 2004-жылдан баштап үзгүлтүксүз билим берүү институтунун директору; 2006- жылдын май айынан баштап искусство факультетинин деканы; 2008- жылдын август айынан тартып ЖОЖдорго даярдоо квалификацияны жогорулатуу жана прогноздоо институтунун директору; 2009- жылдын декабрь айынан баштап университеттин эс алуу борборлорунун директору; 2011-жылдан баштап азыркыга чейин музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө кафедрасынын башчысы; 1989-жылдан баштап университеттин Окумуштуулар кеңешинин мүчөсү;. 2007- жылдан баштап «Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө кафедрасынын профессору. «Кыргыз музыкасынын тарыхы», «Манас жана музыка» предметтеринин программасын түзүп, басмадан чыгарган, 30-ашуун илимий макалалардын автору; Жалпы билим берүүчү мектептер үчүн 4-класстын «Музыка» окуу китебин түзүп, басмага сунуштаган. "Сендейди биз кайдан гана табабыз", "Тамаша", "Кыргыз –Атам" аттуу илимий популярдуу , сатиралык жана адабий көркөм китептердин автору; Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим министирлигинин жана Республикалык профсоюз федерациясынын Ардак Громаталарын алган, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун мыктысы, Элге билим берүүнүн мыктысы төш белгилерине татыктуу болгон; «Манас эпосунун 1000 жылдыгы» эстелик медалы менен сыйланган; үй бүлөлүү, үч баланын атасы.

Илимий даражасы жана наамы: Педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Ош МУдагы эмгек стажы: _41_ 'Жалпы эмгек стажы :'_41__

Иш тажырыйбасы:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1976-жылдан баштап Ош мамлекеттик университетинде↓

  • Лаборант;
  • Даярдоо бөлүмүнүн окутуучусу;
  • Кафедра башчысы:
  • Кайра даярдоо бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы;
  • Тарбия иштери боюнча проректор;
  • Квалификацияны жогорулатуу,адистерди кайра даярдоо

жана прогноздоо институтунун директору;

  • Университеттин профсоюз комитетинин төрагасы;
  • Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун директору;
  • Искусство факультетинин деканы;
  • Университеттин эс алуу борборлорунун кординатору;
  • Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана

хорду дирижерлөө кафедрасынын башчысы

  • ОшМУнун профессору

Жарык көргөн эмгектери, илимий иштери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Р.Абдыкадыров жөнүндө “Сендейди биз кайдан гана табабыз...” аттуу илимий популярдуу жана “Тамаша”аттуу сатирикалык, “Кыргыз-Атам”деген көркөм китептердин автору.
  • Р.Абдыкадыровдун 70 жылдыгына карата “Рыспай” аттуу басылманы даярдаган төрт автордун бири, китептин илимий редактору.
  • Басма сөз беттеринде (Гезит,журналдарга ) тынымсыз түрдүү темалардагы макалалар жарыяланып турат.
  • 30 дан ашуун илимий макалалар, программалар жана окуу методикалык багыттагы эмгектери бар.
  • 4-класстын “Музыка” окуу китебин жазып, басмага сунушталган.
  • ОшМУ нун профсоюз комитетинде төрага болуп иштеген мезгилде бардык көрсөткүчтөр боюнча эки жолу (профсоюздардын иши боюнча) Республикада 1-орунду жеңип алган.

Сыйлыктары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Манас эпосуна 1000 жыл эстелик медалы
  • Кыргыз республикасынын
  • Билим берүүнүн мыктысы
  • Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун мыктысы төш белгилери .
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.