Индигирка

Википедия дан
Индигирка
Мүнөздөмө
Узундугу 1 790 км
бассейндин аянты 362 000 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
Област Якутия
ОМСР 18050000112117700035295
Индигирка.

Индигирка - Россиядагы дарыя. Якутиянын чыгышында. Узундугу 1790 км, алабынын аянты 362 миң км2. Хастах жана Тарын-Юрях дарыясынын кошулушунан түзүлөт. Жогорку бөлүгү Оймякон тайпак тоосу, андан ары кууш капчыгай аркылуу Черский кырка тоосун кесип өтүп, босоголорду пайда кылат; төмөн жагында Яна-Индигирка ойдуңу менен агып, Чыгыш Сибирь деңизине куят (дельтасынын аянты 5,5 миң км2).

Негизги куймалары: Селеннях, Уяндина, Аллаиха, Бёрёлёх (сол), Мома, Бадяриха (оң). орточо чыгымы 1850 м3/сек (эң чоң чыгымы 11 500 м3/сек, эң азы 3,2 м3/сек). Жылына 13,7 млн т шиленди агызып келет. Октябрдан майдын аягы июндун башына чейин тоңот. Айрым жери (Чокурдах жана башкалар) тоңуп, суу акпай калат; чоң тарындар пайда болот. Мома дарыясынын чатына чейин (1154 км) кеме жүрөт.

Негизги пристандары: Хонуу, Дружина, Чокурдах, Табор. Чатында балык промысели (ряпушка, чир жана башкалар) бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]