Инди-европа тилдери

Википедия дан
Индо-Европалык тилдер‎»‎ барагынан багытталды)

Инди-европа тилдери, Индевропа тилдери - дүйнө жүзүндө эң кеңири таралган тилдердин бүлөөсү[1]. Жердин бардык континенттеринде сүйлөнөт жана жалпы колдонуучулардын саны 2,5 млрд. ашат. Азыркы айрым лингвисттердин пикирине ылайык, ностратикалык тилдердин макро бүлөөсүнүн бир бөлүгү болуп саналат.[2]

Инди-европа тилдери (англ. Indo-European languages термини алгач англис окумуштуусу Томасом Юнг тарабынан 1813-ж.киргизилген[3]. Немис адабий тилинде көбүн эсе индо-герман тилдери (нем. indogermanische Sprachen) термини колдонулат. Мурун айрым учурларда индо-европа тилдери "арий тили" деп аталган, бирок азыркы учурда бул термин инди-европа тилдеринин бүлөөсүнө кирген арий тилдерине карата колдонулат. Буга нуристан тилдер бутагы жана инди-иран тилдери киришет.

Евразиянын ири лингв. уяларынын бири. Буга инди, иран, нуристан, дард, славян, балтика, герман, армян, албан, грек, кельт, байыркы жана жаңы тилдердин кээ бири, латын тили, кийинчерээк андан өнүгүп чыккан роман, тозар, итальян жана Кичи Азиядагы байыркы тилдер (шынаа жазмасы бар хетт, иероглифтүү хетт, лувий) кирет. Кичи Азиядагы тилдердин ичинен шынаа жазмасы болгон хетт же несит тили толук изилденип, жазма эстеликтери (биздин заманга чейинки 2 миң жылдык) толук аныкталган. Айрым изилдөөчүлөр индевропалык топко ликий жана лидий тилдерин да кошуп жүрөт, бирок алар жөнүндө маалымат аз. Индевропа тилдеринин көбү (мисалы, фракий, фригей тилдери) жоюлуп кеткен, жазма эстеликтер да калган эмес; иран тобуна кирген скиф тили, Байыркы Европада кеңири таралган иллирий тилдери жөнүндө да маалымат аз. Кеңири тараган Индевропа тилдери: славян, инди, иран, герман, роман тилдери. Кельт тили сыяктуу айрым тилдер тарыхый шарттан улам анча тарай алган эмес. Индевропа тилдеринин тектештиги уңгу сөздөрдүн жалпылыгынан, грамматикалык түзүлүшүнөн байкалат. Байыркы Индевропа тилдерине мүнөздүү грамматикалык белгилердин бири флексия, ал тилдерде уланды мүчөлөрдүн бай системасы болгон. Айрымдарында (мисалы, славян, балтика тилдери) байыртан калыптанган морфологиялык система толук сакталган, айрымдары (мисалы, жаңы инди, жаңы иран жана герман тилдери) сөз өзгөртмө эски флексиялык формаларынан ажырап, өзгөрүп кеткен. Индевропа тилдеринде олуттуу өзгөрүүлөр болсо да, алардын теги бир экенин айгинелеген жалпылыктар бар. Индевропа тилдерин илимий изилдөө 19-кылымдын башында башталган. Бул тилдердин тыбыштык, лексикалык жана грамматикалык түзүлүшүн салыштырып изилдөөнүн негизинде жалпы тил илиминде салыштырма-тарыхый метод иштелип чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Индоевропейские языки // БРЭ. Т.11. М., 2008.
  2. Дыбо В. А., Терентьев В. А. Ностратические языки // Лингвистический энциклопедический словарь. — М.: Сов. энциклопедия, 1990. — С. 338—339.
  3. London Quarterly Review X/2 1813.; cf. Szemerényi 1999:12