Интергельпо

Википедия дан

Интергельпо (лат. inter – өз ара, чех. гельпо – жардам) – 1925–41-ж. Кыргызстанда иштеген өндүрүш кооперативи. Чехословакияда (Жилин ш.) коммунист жумушчулардын демилгеси боюнча 1923-ж. түзүлгөн. 1924-ж. 10-ноябрдагы уюмдаштыруу чогулушунда уставы кабыл алынып, башкармасы шайланган. 1925–32-ж. Кыргызстанга Чехословакиядан бардыгы 1317 адам келип, алардын 390 кишиси интергельпонун мүчөсү болгон. Кооперативдин жамааты Бишкек шаарынын эмгекчилеринин, партиялык жана советтик уюмдардын жардамы менен өлкөнү индустриялаштыруу ишине катышып, алгачкы беш жылдыктарда электр станциясын, ага чейин шаймандарын, кыш, черепица, булгаары заводдорун, мебель фабрикасын, металл иштетүүчү ж.б. маанилүү өнөр жай объектилерин курушкан. Ошондой эле алар Түрксиб, Чүй курулушу, Канттагы кант заводу сыяктуу ири курулуштарды курууга катышкан. Интергельпочулардын республикасынын экономикасын жана маданиятын өнүктүрүүдөгү каарман эмгеги жана интернационалдык жардамы жогору бааланган. Интергельпонун иш-аракети Кыргызстан менен Чехословакия эмгекчилеринин ортосундагы достук байланыштардын күбөсү болгон. Интергельпо каякта жайгашкан? "Т.и.Э"

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.