Интермедия

Википедия дан

Интермедия (лат. intermedius – ортосунда, арада жүрүүчү) –

  1. драма оюнунда эки көшөгөнүн аралыгындагы тыныгууда аткарылуучу күлкүлүү чакан пьеса же көрүнүш (пантомима, бий, вокалдык же аспаптык чыгарма). Орто кылым театрларында диний мазмундагы пьесаларды көрсөтүүдөн пайда болуп, айрыкча мектеп театрларында кеңири тараган. Интермедия Испаниянын элдик театрында пасос деген ат менен өз алдынча жанр катары өнүгүп, Лопе дэ Руэддин, айрыкча М. Сервантестин чыгармачылыгында жогорку деңгээлге жеткен. Интермедияны Англияда «интерлюдия», Португалияда «интермиш» деп аташкан. Россияда интермедия 16-кылымда мектеп театр оюндарынан келип чыккан. 19-20-кылымда ыр, бий менен аткарылган өз алдында сахна оюнуна айланган. Опера, балет актыларынын аралыгындагы кошумча оюн катары да көрсөтүлгөн. 15-кылымдан тартып алар Италиянын, кийинчерээк Англия, Франция жана башкалар өлкөлөрдүн музыкалык театрларына кирген. Спектаклдеги интермедия акырындык менен өз алдынча сюжеттүү музыкалык-сахналык чыгарма касиетин алган. 17-18-кылымда интермедия Италияда чакан күлкүлүү опера катары көрсөтүлгөн (Перголези, «Кызматчы айым»). Кээде интермедия эстрадалык жана башкалар концерттерде да аткарылат. Кыргыз адабиятында Р. Шүкүрбековдун интермедиялык чыгармалары кеңири белгилүү;
  2. фугадагы теманын түрдүүчө аткарылыш аралыгындагы эпизод; ал интерлюдия деп да аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]