Иравади

Википедия дан
Иравади.

Иравади, Ирравади – Мьянмадагы суусу мол дарыя (башаты Кытайда). Узундугу 2150 км, алабынын аянты 430 миң км2. Гималай тоолорунун чыгыш тармактарынан башталып, түштүктө Шань тайпак тоосун кеспп өтүп, Иравади түздүгү аркылуу агат. Андаман деңизпне куярда дельтаны (аянты 30 миң км2дей) пайда кылат. Негизги куймасы Чиндуин (оң). Орто чыгымы 13-14 миң м3/сек, режими муссондук, жайында кирет (айрым жерлерде суунун деңгээлп 811 мге чейин көтөрүлөт). Алаамат суу каптоо болуп турат. Төмөнкү агымында деңиз ташкынынын таасиринен толкундун бийиктиги 4-4,5 мге жетет. Чатынан 1100 км аралыкка кеме жүрөт. Сугатка пайдаланылат; жогорку агымында сал агызылат. Боюнда Мандалай шаары, дельтасында Янгон (мурдагы Рангун) деңиз порту жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]