Исаев, Кусеин
Исаев Кусеин (1937-ж. т., Ысык-Көл району, Бостери айылы) — экономист, социолог, философия илимдеринин доктору (1984), профессор (1985).
1955-ж. КМУну (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУну) бүтүргөн.
1961-62-ж. КМУнун саясий экономия кафедрасында окутуучу, улук окутуучу.
1969-87-ж. Бишкек политехника институтунун илимий коммунизм кафедрасынын башчысы, 1987-жылдан ошол эле кафедрада профессор, cоциология жана инженердик психология лабораториясынын башчысы.
1993-жылдан тилдер жана гуманитардык илимдер мамлекеттик институтунун (1994-жылдан Бишкек гуманитардык университети) социология жана саясатты таануу кафедрасынын башчысы, 1994-жылдан Башкаруу жана социология факультетинин деканы.
Исаев Кусеин 140тан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 10 монография) автору. Илимий изилдөөлөрү кыргыз коомунун социалдык маселелерине; социалдык түзүлүштүн, улуттун, билимдин, жаштардын, саясаттын социологиясына арналган.
Кыргыз Республикасынын социологдор коомунун төрагасы (1991), Эл аралык социологдор ассоциациясынын ынтымакташтыгынын вице президенти (1993). «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
Туугандары. Үй-бүлөсү. Шакирттери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Профессор К.Исаевдин бир тууган агасы таанымал географ, профессор Акыбай Исаев болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
Айрым шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кусеин Исаев: Кыргыз социологдору жетилип калышты
- "Кезинде жетекчилер батыштын башы менен ойлонушкан" Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine
- "Коррупция гүлдөп өскөн өлкөдө жашап жатабыз" Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine
- Белгиленген тизме бирдиги
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|