Искандер Туратбек

Википедия дан

Туратбек Искандер (20-сентябрь, 2000-жыл, Люксембург айылы, Чүй облусу, Кыргыз Республикасы — кыргызстандык классикалык бий бийчиси, хореограф, Кыргызстан балет Федерациясынын мүдүрү.

Туратбек Искандер
Сүрөт
Туулган жылы:

20-сентябрь 2000-жыл

Туулган жери:

Люксембург айылы,Кыргыз Республикасы

Ишмердүүлүгү:

хореограф, классикалык бий бийчиси

Жарандыгы:

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2000-жылдын 20-сентябрында Чүй облусунун Люксембург айылында, ишкерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Кыргызстандын маданий чөйрөсүнүн жаңы жаш агымынын көрүнүктүү өкүлү катары чакан катмарларда таанылып келе жаткан Туратбек Искандер, өзүнүн кыргыз маданиятынын кызыкчылыктарына кайдыгерсиздигин, хореография өнөрүнө күйүүсүн жана нарк-насил маселелерине берилгендигин, акыркы жылдары анын жетекчилигинин алдында ишке ашырылып келген бир катар маданий маараке-иш чараларда көрсөтүп келет. 2022-жылдын 13-декабрь күнү, анын демилгеси менен кыргыз тарыхында алгачкы жолу Ош шаарына театралдык балет труппасынын ички балеттик гастролдору уюштурулуп, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын сахнасында “Щелкунчик” балети коюлуп, Ош облусу жана Ош шаарынын тургундарынын болуп көрбөгөндөй кызыгуусун жаратып, жылуу кабыл алынган. Туратбек Искандердин демилгеси жана эмгегинин аркасы менен, 2023-жылдын 18-июнь күнү Кыргызстанда алгачкы жолу “Кармен-сюита” балети иштелип чыгып, бет ачаары Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын сахнасында болуп өтүп, көрүүчүлөр тарабынан эбегейсиз кызыгуусу менен кабыл алынган. 2022-жылдын 26-ноябрь күнү, анын демилгеси жана жетекчилигинин алдында кыргыз сахнасында “Пахита” балети калыбына келтирилген. 2023-жылдын 23-июнь күнү Эл аралык Айтматов фонду менен Туратбек Искандердин уюштуруусунда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын “Кылым карытар Айтматов” аттуу чоң программадагы иш-чара өткөрүлгөн. 2022-жылдын 3-4 июнь күндөрүндө Өзбекстан Республикасынын Бухара шаарында өткөрүлгөн Түрк тилдүү мамлекеттеринин жаш лидерлеринин IV форумуна Кыргыз Республикасынын маданий чөйрөсүнүн атынан катышып, өлкө жаштарын татыктуу көрсөтүп келген. Өлкөдө өткөрүлүп келген хореография боюнча “Prima“[1], “Christmas Tree”, “Маданият-Fest[2]” аттуу сынактардын автору жана уюштуруучусу. Аталган коомдук жана маданий ишмердүүлүгү бааланып, 2022-жылдын 10-ноябрь күнү, Кыргызстан жаштар күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри –  А.А. Максутовдун ыраазычылык каты менен сыйланган. Уюштуруучулук көндүмдөрү бааланып, 2023-жылдын 27-мартында Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын Бөлүм башчысы кызматына дайындалган. 2023-жылдын 1-июнунан тарта БХОЖдун алдында Хореографиялык багытта жалпы билим берүү мектебинин мүдрүнүн орун басары кызматында эмгектенип келет. Аткаруучу катары, бир катар республикалык жана эл аралык хореографиялык фестиваль-конкурстарга катышып, байгелүү орундарды багындырып келген.  

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://who.ca-news.org/people:42788

https://centrasia.org/person2.php?st=1681566733

  1. https://www.vb.kg/doc/414883_v_bishkeke_proydet_pervyy_horeograficheskiy_festival_konkyrs_prima.html
  2. https://kaktus.media/doc/479960_v_bishkeke_proshel_krypneyshiy_tancevalnyy_konkyrs_madaniiat_fest.html