Исламдагы кийим

Википедия дан
Улемдердин жана имамдардын баш кийими
Майрам учурундагы малайялар
Азыркы учурдагы мусулмандардын кийимдери (Судан, 2011-жыл)

Исламдагы кийимислам мамлекеттериндеги, мечиттерде же коомдук жайларда кийүүлүчү, мусулмандардын кийимдери. Ислам мусулмандардан уруксат берилген жана чектен чыкпаган ачык-айкы эмес кийимдерди кийүүнү талап кылат. 

Негизги талаптар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шарияттын (аврат) , эркектердин жана аялдардын кийимдерине койгон негизги талабы – дене мүчөлөрүн жабуу болуп эсетелет. Шарияттын талабы боюнча эркектер денесинин киндиктен тизеге чейинки бөлүгүн, аялдар жүзү жана колунан башка бүткүл денеси жабуусу каралган. Шарият никеде (махрам) турган адамдарга бири-бирине денелеринин бардык мүчөлөрүн көрсөткөнгө уруксат берет[1].

Аялдардын да, эркектердин да кийимдери салттуу кийинүү стилине туура келиши керек. Бул кийимге гана эмес, жүрүм-турум стилине да (сүйлөө манерасы, басуусу жана кыймылы) тиешелүү. Эркектерге аялдардын кийимин кийүү жана аялдарга эркектердин кийимин кийүү болбойт. Ислам аялдардын кийимдери христиан жана жөөттөрдүн салттарынын моралдык жана этикалык талаптарына каршы келбейт[1]. Кыргыз элинин салттуу кийимдери да шарияттын талабына толугу менен жооп берет.

Кийимдердин булганган жерлери болбошу керек, өзгөчө намаз окуган учурда[2].

Тыюу салынган кийимдердин түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тыюу салынган кийимдердин түрлөрүнө кийинкилер кирет[2]:

  • шарияттын талаптарына жооп бербеген кийимдер;
  • адамды бөлөк жыныстын өкүлдөрүнө окшоштурган кийимдер;
  • адамды мусулман эместерге окшоштурган кийимдер (мисалы, христиан монахтарынын жана дин кызматчыларынын кийимдери, крест жана башка диний белгилерди тагынуусу);
  • бөлөк адамдарды теңсинбөө жана өзүнүн текебердигин белгилөө максатында кийилген кийимдер;
  • жибек жана алтын колдонулган эркектердин кийимдери;
  • ашыкча байлыкты жана ысырапкорчулук белгилеген кийимдер[2];
  • адамдардын жана жаныбарлардын сүрөттөрү, ошондой эле тыюу салынган жазуулар түшүрүлгөн кийимдер[3].

Этикет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Исламда кийим кийүү жана сактоо боюнча шарттар бар. Мусулман кийими таза, кооз болушу керек (өзгөчө жума же майрам намаздарында). Кийимдерди кийүүдөн мурун аларды жакшылап жууп же чайкап, төмөнкү дубаны окуу керк: «Мага авратымды жаап жана адамдардын арасында сулуулугумду белгилеген кийимдерди кийгизген Аллахга мактоолор болсун». Кийимдерин чечип жатканда келме айтуу сунушталат. Чечилген кийимдер тыкан бүктөлүп коюлушу керек[4].

Ажылыка барган зыяратчылар

Эркектердин кийими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ихрам[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ажылыка барууда эркек мусулмандардан «изар» деп аталган кийимдерин кийүүсү талап кылынат. Изар белден тизеге чейинки дененин бөлүгүн жаап турат. Аны эки учун бири-бирине байлап же бир нерсе менен курчап койсо болот. Дененин үстүнкү бөлүгү рида деп аталган кезменин бөлүгү менен жабылат. Үч сүннөт мазхабы боюнча (ханафи мазхабынан бөлөк) риданын учтарын бири-бири менен байлоого, төөнөгүчтөр жана топчулар менен бекитүүгө, ага тешик жасап боо өткөргөнгө болйбойт .

Изар жана рида тигилген, токуулган, чапталган же кийизден жасалган болбошу керек. Меккеге зыяратка баруучу аялдар шарият уруксат берген бардык аялдардын кийиминин түрлөрүн кийсе болот. Эркектерге да, аялдарга да кийүүгө тыюу салынган кийим бул - кол кап .

Кийимдерди кыскартуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эркектердин кийимдерин кыскартуу ислам этикасынын бир бөлүгү - Мухаммед пайгамбардын сүннөттөрүн сактоону жана Аллахга моюн сунууну билдирет[3]. Мухаммед пайгамбардын доорунда узун кийим кийүү текебердиктин жана бөлөк адамдарды теңсинбөө катары эсептелген[5].

Аялдардын кийими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусулман аялдардын же мусулмандын жубайларынын кийимдери (мусулман аялдардан тышкары, христиандар жана еврейлер аял ала алышат) шарият талаптарындай жана көйнөктөрү узун, жабык, өтө жука болбошу керек. Ачык түстөгү кийимдерден оолак болуп, өтө ичке жана дене келбеттин баса белгилеген кийимдерден оолак болуу шариятка ылайык .

Аялдардын кийими сөзсүз түрдө беттен жана колдон бөлөк, дененин бардык бөлүктөрүн жашырып турушу абзел. Куран аялдардан жилбаб кийүүсүн, моюнун жана көкүрөгүн чоочун эркектерден жашырууну талап кылат, бирок жүзүн жашырууга милдеттендирбейт[6].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 ШамильАляутдинов Как одеваться(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). umma.ru. Текшерилген күнү 10 -март (жалган куран) 2015. Түп булактан архивделген күнү 18 -март (жалган куран) 2015.
  2. 2.0 2.1 2.2 Одежда в исламе(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). newmuslimguide.com. Текшерилген күнү 14 -март (жалган куран) 2015.
  3. 3.0 3.1 Одевайся красиво!(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). islam.ru. Текшерилген күнү 8 -ноябрь (жетинин айы) 2015.
  4. Адабы, которые необходимо соблюдать в одежде и во внешнем виде(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Ислам.ру. Текшерилген күнү 15 -июль (теке) 2015.
  5. Является ли ношение брюк ниже щиколоток греховным?(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Мечеть «Хазрет Султан». Текшерилген күнү 8 -ноябрь (жетинин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.
  6. Виды традиционной женской одежды в исламских странах(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). РИА Новости (29 -январь (үчтүн айы) 2010). Текшерилген күнү 10 -март (жалган куран) 2015.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Виссер Я., Кнеллер И. Кто следующий? // Огонёк. — 17.05.2010. — № 19 (5129). — С. 20.
  • Зайцев В. Что к лицу мусульманке // Огонёк. — 17.05.2010. — № 19 (5129). — С. 21.
  • Кнеллер И. Европа снимает паранджу // Огонёк. — 17.05.2010. — № 19 (5129). — С. 18.
  • Налоев Р. Лицевой счёт // Огонёк. — 17.05.2010. — № 19 (5129). — С. 21.
  • Ньюби Г. Краткая энциклопедия ислама = A Concise Encyclopedia of Islam / Пер. с англ.. — М.: Фаир-пресс, 2007. — 384 с. — 3000 экз. — ISBN 978-5-8183-1080-0.
  • Садулаев Г. У. Самое сильное лекарство // Огонёк. — 17.05.2010. — № 19 (5129). — С. 22.
  • Swami V., Miah J., Noorani N., Taylor D. Is the hijab protective? An investigation of body image and related constructs among British Muslim women // British Journal of Psychology  (англ.). — London: The British Psychological Society, 2014. — Vol. 105, Issue 3. — P. 352–363. — doi:10.1111/bjop.12045.

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]