Истамбеков, Аден Бекембай уулу

Википедия дан

Истамбеков Аден Бекембай уулу (1903, Ичке-Жергез айылы, Ак-Суу району — 1937, Бишкек ш.) — мамлекеттик жана коомдук ишмер, подполковник, аскердик профессионал жетекчи, Республиканын алгачкы аскер комиссары.

1924-жылдан КПСС мүчөсү.
1927-ж. Москвадагы Аскер педагогикалык жогорку мектепти, кийин САГУнун тарых факультетин (сырттан), Ленинграддагы аскер тактикасын окутуучуларынын курсун бүткөн. Атасы Бекембай үй-бүлөсү менен 1906-ж. Иркутскиге сүргүнгө айдалып, каза болгондон кийин үй-бүлөсү 1913-ж. Ысык-Көлгө кайтып келген. 10 жашар Аден Ак-Суудагы орус байларына жалданып иштеп, чиркөө мектебинде окуган.
1916-ж. Үркүндө Кытайга барып, 1917-ж. кайра келген. Ошол жылдар ченде Каракол жогорку педагогикалык окуу жайынан окуган.
1921-ж. Ташкен аскердик окуу жайындагы командирлерди даярдоочу атайын курстан окуп, 1922-ж. кызыл комиссар наамына ээ болгон. 1922-24- ж. 813 (өзгөчө) ротанын командиринин жардамчысы, 1924—31-ж. Ташкендеги В. И. Ленин атындагы Жогорку аскер мектебинде взводдун командири, инструктор, согуш тактикасын үйрөтүү боюнча окутуучу, окуу бөлүму боюнча начальниктин жардамчысы, парткомдун жооптуу катчысы.
1931—32-ж. Орто Азия Аскер округунун атчандар мектебинин окуу бөлүмүнүн начальнигинин жардамчысы, 1932— 33-ж. жооптуу секретарь, 1933—36-ж. казак атчандар полкунун командиринин саясий иштер боюнча жардамчысы, 53-кыргыз атчандар полкунун туңгуч аскер комиссары (1937, март — сент.), 1937-ж. Ферганадагы тоо атчандар дивизиясынын саясий бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
1936- ж. батальондук комиссар наамы ыйгарылган. Кыргызстан КП(б) БКнын мүчөлүгүнө шайланган.
1937-ж. «буржуазиялык улутчул» деген жалаа менен репрессияланып, 1937-ж. түрмөдө өлгөн. 1958-ж. толугу менен акталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.