Ички энергия

Википедия дан

Ички энергия термодинамикалык тутумдун абалдык функциясы. Анын бар экендиги термодинамиканын биринчи башталышы менен аныкталган. Ал энергиянын бардык түрүн (молекулар кыймылынын кинетикалык энергиясы, ички энергиясы, тутумдагы электролиттик нурлануу энергиясы жана башка) камтыйт. Энтропия, көлөм жана компоненттер молдук саны менен көрсөтүлгөн ички энергия — мүнөздүү функция болуп саналат. Термодинамикалык теңдештик шартында энтропия, көлөм жана компоненттер молдук саны туруктуу болгонтутумдун ички энергиясы минималдуу. Ички энергиянын бирдиги Дж же Дж/моль менен эсептелет (молдук ички энергия).

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6