Ич алдырма дарылар

Википедия дан

Ич алдырма дарылар — ичегинин перистальтикасын күчөтүп, ичегини тазалоочу каражаттар. Ич алдырма дарылар бардык ичегиге таасир этүүчү жана жоон ичегиге таасир этүүчү болуп бөлүнөт.

Бардык ичегиге таасир этүүчү дарыларга туздар (магний жана натрий сульфат), кастор майы кирет. Туздуу Ич алдырма дарылар сууда жакшы эрип, диссоциацияланатомиялык Андан пайда болгон иондор ичегиде начар сиңирилип, ичегиде осмос басымын жогорулатат. Натыйжада ичегинин ичиндеги суюктук көбөйүп, ичеги чоюлат. Ичегинин капталындагы рецепторлор дүүлүгүп, перистальтика күчөйт. Ошондуктан туздуу Ич алдырма дарылар тез таасир берет. Бул дарылар ууланганда кеңири колдонулат.

Жоон ичегиге таасир этүүчү дарыларга дары өсүмдүктөрдөн (крушина, александрия жалбырагы жана башка) алынган каражаттар кирет. Алардын негизги заттары — антрагликозиддер жоон ичегинин рецепторлорун дүүлүктүрүп, перистальтикасын күчөтөт. Ошондуктан булар ич дайыма катканда берилет. Таасири 8—10 сааттан кийин болот. Бирок, бул Ич алдырма дарыларды көп убакыт ичсе, тамак заттарынын сиңирилиши бузулуп, организм начарлайт. Аны менен бирге жоон ичегинин сезгичтиги бат начарлап, организм бул дарыларга көнүп калат. Ич алдырма дарыларды врачтын сунушу боюнча гана ичүү зарыл.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8