Казарман шаар чалдыбары

Википедия дан

Казарман шаар чалдыбары – 10–12-кылымга таандык шаардын калдыгы. Нарын дарыясынын сол жээгиндеги Казарман кыштагынын жанынан орун алган. Сакталып калган дубалынын бийиктиги 3 м, бурчтарында жана борборунда мунаралары болгон. Түндүк, батыш жана чыгыш дубалдарынын узундугу 100 мге чейин жеткен. Андан табылган буюмдардын алгачкылары 15-кылымга, кийинкилери 19-кылымга туура келет. Эстеликке көңүл бөлүнбөгөндүктөн, анын билинээр–билинбес гана пайдубалы калган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.