Кайчы өрөөнү

Википедия дан

Кайчы өрөөнү - Борбордук Теңир-Тоодо.

Какшаал тоо тизмегинин түн. капталында, Ак-Шыйрак суусунун алабында жайгашкан. Жети-Өгүз р-нун аймагында. Уз. 32 км, туурасы 300–500 м. Кайчы м-н Айрытөр суулары кошулган жерде 1 кмге жетет. Төмөнкү бөлүгү кууш капчыгай. Өрөөндүн таманы деңиз деңг. 2840–3800 м бийиктикте жатат. Какшаалдын өрөөндү караган түн. капталы кар-мөңгүлүү. Өрөөндүн төрү Кайчы ашуусуна (4463 м) барып такалат. Төртүнчүлүк мезгилдин орто ченинде Кайчы суусунун алабынан түшкөн муздуктар 27 кмге созулуп, тепши сымал өрөөндү түзгөн. Таманына байыркы ж-а азыркы мөңгү шилендилери пайда кылган дөбө-чуңкурлуу рельеф мүнөздүү. Азыркы мөңгүнүн жалпы аянты 39,16 км2. Өрөөн девондун кумдук, сланец, алевролит, карбондун кумдук, акиташ теги, сланец, мергель тоо тектеринен түзүлгөн. Климаты континенттик. Кышы суук, январдын орт. темп-расы —15,1°С, июлдуку 11,8°С. Жылдык жаан-чачыны 195 мм. Субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы (2800–3900 м), андан жогору субнивалдык, нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2