Кайыңды мөңгүсү

Википедия дан

Кайыңды мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу татаал өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Эңилчек жана Кайыңды кырка тоолорунун кошулган жеринен башталып, батышка карай созулат. Узундугу 25,8 км, аянты 107,4 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5520 м, этеги 3400 м бийикте жатат, кар чегинин бийиктиги 4440 м. Абляцияеынын аянты 23,4 км2. Кайыңды мөңгүсүнүн жогорку бөлүгү Комсомол мөңгүсүнүн жогорку сол тармагы менен биригет. Мөңгү кар көчкүлөрдөн да куралат. Этегинин калыңдыгы 170 мдей. Бети (10 км аралыкта) уңкул-чуңкул келип, көбү көлмөлөр менен толгон. Мөңгүдөн Сары-Жаздын сол куймасы Кайыңды суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]