Калыгул чечен
Калыгул чечен, Алыбек уулу (1806, Чүй өрөөнү, азыркы Токмок шаарынын жаны – 1899, ошол эле жер) – чечендик-калыстыгы менен аты чыккан кыргыздын белгилүү элчиси.
Санжыра боюнча сарыбагыш Тынайдын улуу баласы Сатыбалды. Андан Кубат. Кубаттан Алыбек. Андан Калыгул. Россия империясына каратылганга чейин уруулар аралык чыр-чатак, адам өлгөн же жер талашкан сыяктуу доолорду чечүүгө катышып, эл оозуна алынган. Өзгөчө Кенесары хандын 1-чабуулунан кийин (1846) кыргыздардын атынан казактарга элчиликке барып, жалтанбай, так-таасын сөз айтып келгендиги тууралуу аңгемелер көп айтылат. Мисалы, Кенесары үйүлгөн кылычтарды көргөзүп, ушуну менен кыргыздарды чаап алууга даярданып жатканын эскертсе, ал такалбай; «өткөн чабуулда мунуңар үйдө калды беле?» деп суроо берген. Хан жооп таба албай; «оозуңду жап!» десе, кыргыздар элчисин эт жеп, кымыз ичип эмес, керектүү сөздү айтып келүүгө жибере турганын баса белгилеген. Кенесары сөзгө жыгылып, кыргыздар менен убактылуу ынтымакта турууга убада берген жана мурунку чабуулда олжого кеткен Таштанбектин (Атакенин уулу) болот кылычын кайра бердирген. Экинчи жортуул (1847-ж. 17–25-апрель) учурунда Кенесары колго түшүп, өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу сыйлык берүү үчүн ошол эле жылдын июль айында Батыш Сибирь генерал-губернатору князь Горчаков Ормон хан, Жантай, Жангарач манаптарды Омск шаарына чакырткан. Бирок алар баш тартып, Ормон хан өз атынан Ормон уулу Үмөтаалыны, Жантай Калыгулду, Жаңгарач тууганы Жалаңтөштү жиберген. Алар Омскге Кенесарынын башын алып барып, анын кандай өлтүрүлгөндүгүн айтып беришкен. Туура көрсөтмө бергендиги жана Кенесары хандын чабуулунда көрсөткөн эрдиги үчүн Калыгул георгий тасмасындагы күмүш медаль менен сыйланган. Орус империясынын кол алдына өткөндөн кийин алардын өкмөтү койгон жергиликтүү акимчиликтин кыргыз элине көрсөткөн зордук-зомбулгун токтотууну сурап, бир нече жолу Алматыга (Верный) барып келгендиги жөнүндө да маалыматтар айтылат. Кенесарынын өлүмү тууралуу Калыгулдан өзү сурап, укканын белгилүү манасчы Балыкооз эскерет. Ал эми тарыхчы Б. Солтоноев ага жолугуп, кыргыздардын Кенесарынын баскынчылык жортуулдарына каршы күрөшү тууралуу даректүү маалыматтарды жазып калган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Алихан Букейхан (Степняк). Материалы к истории султана Кенесары Касымова. //Кыргызстан тарыхынын маселелери. Б., 2006, №4.
- Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993. Т. 1.
- Эсенкул Төрөкан уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы. Б., 1995. Т. 1.