Калып:Портал:Инсандар/Мыкты макала

Википедия дан


Таттыбүбү Турсунбаева (12-июль 1944-жыл, Жумгал району, Чаек айылы - 21 декабрь 1981-жыл) - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, СССР кинематографисстер союзунун жана Кыргызстандын театр ишмерлер союзунун мүчөсү.
Нарын областынын Жумгал районунун Чаек айылында орус орто мектепте окуган.
1960-жылы 16 жышанда "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу тартылган.
17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр институтуна актер факультетине тапшырган.1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын труппасына кирген. Театрда дүйнөлүк жана советтик классикасынан У.Шекспир, Лопе де Вега, Г.Лорка, Ч.Айтматов, М.Карим жана Е.Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30-тан ашык образдарды алып чыккан: Жульетта ("Ромео жана Жульетта"), Омелия ("Бернарда Альбанын үю"), Фелисьяна ("Бий мугалими"), Асель ("Делбирим"), Анвар ("Фудзиямадагы кадыр түн") жана башкалар. Ошону менен бирге кинодо да жаркын элестерди жараткан.

(Калганын окуу…)