Калып:Портал:Кыргызстан/Кириш сөз

Википедия дан

Кыргызстан (англ. Kyrgyzstan, Kyrgyz Republic)Орто Азиянын түндүк-чыгышында жайгашкан. Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк –чыгыштан Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Борбор шаары - Бишкек. Калкынын саны - 5 540 001 адам (111-орунда, дүйнөдө), аянты — 198 500 км². Мамлекеттик улуттук тили — кыргыз, расмий тили - орус. Акча бирдиги — сом (KGS).