Калька лексикологияда

Википедия дан

Ка́лька (фр. calque – көчүрмө) – лексикологияда чет тилдеги сөз, сүйлөмдү колдонуунун өзгөчө түрү. Мисалы, байыркы кытай хроникаларында кезиккен Тянь (кырг. - «көк» же «бийик», орус. - «небесные», кыт. - тянь, перс. - «асман»)-Шань тоолору түрк тилинен алынган Таңри (tängri)-Таг, Же-хай (түз мааниде Жылуу-Суу) — Ысык-Көл, Жен-хай — Туз-Көл (Арал), Лин-шань (Муз-Тоо) — Музарт же Музтаг, Чи-шань — Кызыл-Тоо, Цян-цюань — Миң-Булактын ж. б. калькасы болуп эсептелет. Бирок мындай аталыштардын баары алгачкы тыбышы боюнча сакталып калган эмес. Мисалы, дүйнөлүк илимде Теңир-Тоо (Таңри-Таг) - Тянь-Шань; Цун-лин (Сарымсактуу-Тоо) - Памир; Лин-шан - Музарт; элдик бийлик - «республика» ж. б. деп кабыл алынган. Калька өз ичинен сөз жасоочу жана семантикалык болуп бөлүнөт.