Камил Рашидов

Википедия дан
Президент: Ислам Каримов
Шавкат Мирзиёев
 

Камил Каюмович Рашидов (өзб. Komil Qayumovich Rashidov) - өзбек дипломаты, юридика илимдеринин доктору, профессор. 2013-2019-жылдары Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси . 2012-жылы Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары болгон.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1964 -жылы 21-январда Самаркандда туулган.

1986-жылы Самарканд мамлекеттик университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн. Юридикалык илимдердин доктору, профессор.

1986-1991 - Самарканд университетинин окутуучусу.

1991-1994 - Ташкент юридикалык институтунун аспиранты.

1994-1995 - Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин окутуучусу.

1995-1997 - Өзбекстан Республикасынын Юстиция министрлигинин Эл аралык-укуктук башкармалыгынын начальниги.

1997-2000 - Өзбекстан Республикасынын Президентинин Аппаратынын консультанты.

2000 - Өзбекстан Республикасынын Жогорку экономикалык сотунун Мыйзам чыгаруу жана эл аралык-укуктук байланыштар бөлүмүнүн башчысы.

2000-2004 - Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Катчылыгынын Комитеттер менен иштөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

2004-2012 - Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы.

2012-2013 - Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары.

2013-2019 - Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси.

2019-2020 - Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси - Өзбекстандын чет өлкөлөрдө убактылуу эмгек ишмердүүлүгү менен алектенген жарандарынын укуктарын коргоо жана колдоо бөлүмүнүн башчысы[1].

2020-жылдын 27-августунан азыркы күнгө чейин Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Юридикалык бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келет[2].

Үй-бүлө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү, эки баласы бар.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]