Камчыбеков Кадырбек

Википедия дан

Камчыбеков Кадырбек (1882, Ош уезди, Алай-Гүлчө болушу, Дүйшаалы айылы — 1937, өлгөн жери белгисиз) — Совет бийлигин орнотууга активдүү катышуучу. Кыргыз канышасы Курманжан датканын небереси. 1921-жылдан Компартиянын мүчөсү. 1918—20-жылдары Кашкар-Кыштак болуш советинин председатели. 1921—23-жылдары басмачыларга каршы курөшүүчү Гүлчө ыктыярдуу милиция отрядынын командири. Гүлчө-Алай аймагында күч алган басмачыларды талкалоого катышкан.

Сыйлыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Басмачыларды талкалоодо отряддын күчүн билгичтик менен пайдалангандыгы жана каармандыгы үчүн Кызыл-Жылдыз ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борбугулов М."Ош тарыхы энциклопедия" Фрунзе 1989-ж.