Камыр

Википедия дан

Камырнан, кесме, кондитер азыктарын жана башка даярдоо үчүн ундан жуурулуп жасалган чийки азык. Камыр даярдоо ыкмасына жараша ачыган камыр, кабатталган камыр, бисквит камыры, үбөлөнмө камыр, кургак камыр, көпшөк камыр жана башка болуп айырмаланат. Ачыган камырдан түрдүү нан азыктары (бөлкө, булочка, пирог, кекс жана башка) жасалат. Адегенде жуурулчу камырдын унун элеп, андан кийин ага суу, туз, камыр туруш (к. Ачыткы), кээде сүт, айран, жумуртка, кант, май жана башка кошуп жууруп, ийлеп, ачытат. Кесме, каттама, калама жана башка тамак-аш жасалуучу камыр ачытылбайт. Камыр наабайканада (нан, булочка жана башка), макарон жана кондитер ө. ж-нда ар түрдүү азыктарды (кесме, пряник, печенье, торт жана башка) жасоодо кеңири колдонулат. Камырдын курамында белок, углевод, май, туз жана түрдүү абалдагы башка заттар көп болот. Камырга ачыткы менен туздан башка май, кант, жумуртка, жыттуу заттарды кошсо, алар нандын даамын, жытын жана аш болумдуулугун жакшыртат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]