Канаат-Шаа

Википедия дан

Канат-Шаа (туулган жылы белгисиз — 1863-ж.өлгөн) — Кокон хандыгына кызмат кылган атактуу аскер башчы.
Улуту тажик.
1846-1847-ж Түркстан шаарынын акими болуп турган.
Ташкентдеги Кокондук бийликтерге моюн сунуудан баш тартып,Бухара хандыгына кетип калган.
Кайра Коконго келип 50-жылдардын акыры-60-жылдардын башында бул хандыктын саясий турмушунда көрүнүктүү орун ээлеген.
Ташкентдин акими болгон.
Чүй кыргыздары орус аскерлерине таянып,1860-августта Кокон хандыгынан Токмок , Пишпек чептерин бошотуп алганда,Канат-Шаа Ташкентден аскер алып келип, бул чептерди кайра караткан.
Канат-Шаа Пишпекти алгандан кийин Уч-Алматыдан (Азыркы Алматы аймагы) орус аскерлерин кууп чыгуу үчүн Узун-Агачтын жанындагы салгылашта (1860-ж 18-октябрда) женилип, Пишпекке чегинген.
Бул чепте ал 1860-жылдын акырына чейин болгон.
Молдо Нияз Мухаммед Хокандинин Тарихи-Шахрухи эмгегинде Канат-Шаанын аталык деген чини болгондугу айтылат.
Мусулман жыл санагы (Хижра) боюнча 1279-ж (1862-1863-ж.ж.) Канаат-Шаа Кудаяр хандын тапшырмасы менен Бухара хандыгына барып, ошол жерден өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Урстанбеков.Б,Чороев.Т "Кыргыз тарыхы" энциклопедиялык сөздүк,1990.