Карагул
Карагул —"Манас" эпосунункаарманы.Коңурбайдынжылкычы башчысы. Ашынган айлакер, жеткен куу, кыйын сынчы К-дун жылкычыга башчы болгондон тышкары негизги милдети душмандан шек-шыба болсо Коңурбайга дароо кабар жеткирүү (жоокерчилик доордо жоолашуу адатта жылкы тийүүдөн башталган). Жиберген баатыр-балбандары Манасты кармап келмек түгүл колунун баарын кырдырып келгенде кароол коюп Эсенкан Манастын келер жолун тосоттогондо да К-дун аткара турган иши белгиленет: "Катаалдын уулу Карагул, Кара саат мына бул, Кайгуулга чыгаар ал болуп" (Саякбай Каралаев, 1. 165). "Карагул деген аяр бар, Кандай да болсо келет деп, Калкына кабар салгандыр" (Сагымбай Орозбаков, 4. 260),— дейт чалгында жүргөн Алмамбет жанындагы Сыргакка.
Кытайча кийинип турса да чалгында жүргөн Алмамбет менен Сыргакты көргөндө эле кексе К. алардын жоо экенин сезет, Алмамбетке жакындабай алыстан сүйлөшөт, кабар жеткирмекчи болуп, Торайгырын зыргытып жөнөп берет. Алмамбеттен найза жеп жарадар болгон К. Каспаңдын суусунан кечип баратып, атынан шыпырылып калат. Ээси жок келген Торайгырды көргөн Коңурбай жоо келгенин билет (Сагымбай Орозбаков, 4. 278 — 292). Атасынын кунун кууп Семетейдин акыры бир келерин билген Коңурбай жылкысын көргөнү келгенинде К-га "Жылкыны жакшы багыңар, Чалгынды мыктап чалыңар. Кокустан, мага жоо келсе Тезирээк кабар салыңар?!" (Курама варианты,"Семетей", 253),— деп бекеринен эскертпейт.
Жол чалып кайтмакчы болгонСеметей К-дун жаман түш көрөсүң деп от жаккан баланы кыйнап өлтүргөнүн көрүп, каарданган боюнча жанындагылардын баарын жайлап, К-дун сакалын такыр жулуп салат. Чуут К. адатынча ак көңүл Семетейди арыдан-бери алдап, атаңдын бир тууганы Жоодар баатырмын деп ишендирет (Саякбай Каралаев,"Семетей", 2. 63). Алгара деп Семетейди баспаган атка мингизип, өзү Алгараны минип алат да, Коңурбайдын жылкысын тийип алып кетип бараткан Семетейди суудан кечеринде укурук менен башка чабат. Семетейди акмалап жүргөн Тайбуурул куйругун тосо берип ээсин суудан чыгарат. Тайбуурулду мингенСеметей К-ду кууп жетип, Алгараны куйруктан алып токтотмок болгондо, куйругу түбүнөн жулунуп калат. К. "Сакалы жок мултуюп, Алгара куйругу жок чултуюп", Коңурбайга барат (Курама варианты,"Семетей", 253—257). Коңурбайдын Таласка жасаган жортуулунда К. Канчоро колдуу өлүм болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4