Каракыз (чөп)

Википедия дан
Lappula squarrosa.

Каракыз (чөп) (лат. Lappula, Moench) – эндиктер тукумундагы уруу. Бир, эки же көп жылдык бозомтук түктүү чөп. Жалбырагы сызгычтай – ланцет сыяктуу. Гүлү майда, ачык көгүш, беш мүчөлүү. Топ гүлү – бурулча. Мөмөсү төрт бөлүктүү жаңгакча, илмек тикендүү (ошондуктан малдын жүнүнө уйгактай жабышат). Түштүк Америка менен Африкада, ошондой эле Австралия жана Түндүк жарым шардын мелүүн алкактарында 50гө жакын түрү кездешет. Кыргызстанда 15 түрү тоо этегинде, арык боюнда, аңызда, дың жерде өсөт. К. уруусундагы түрлөрдүн көпчүлүгү – отоо чөптөр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]