Карамель

Википедия дан
Карамель.
Карамель (кондитер азыгы).

Карамель (Латын тили cannamella - бал камыш) - кант аралаштырып жасалган кондитер азыгы.

Кантка меме, жемиш ширеси, какао ж. б. кошулуп жасалган даамдуу, таттуу азык. Карамель муздай тунук жана коюу ширелүү болуп айырмаланат. Карамель азыктары түркүн даамда болуп, түрдүү формадагы калыптарга салынып жасалат. Карамелди даярдоо анын массасын жана ичине сала турган коюу ширени даярдоо, калыпка салуу, муздатуу, ороо же сыртын тазалоо, өлчөө жана кутуларга салуу жумуштарынан турат.

Карамель массасы кант эритмесине крахмалдуу патока же илээшкек шире (97-99% кургак заты бар) кошуп кайнатуудан алынат. Карамелдин массасын калыпка салуу үчүн 70-80°Сге чейин муздатат. Бул температурада Карамель жабышпаган, ийилгич абалга ээ болот. Муздай тунук Карамель массасына лимон кислотасы, жыттуу жана боёгуч заттар кошулат. Ал эми коюу ширелүү Карамелдин ичине ар түрдүү (же- миштен, жер жемиштен, сүттөн жана каймактан жасалган азыктар, жаңгак, шоколад ж. б.) заттар салынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.