Кондитер азыктары

Википедия дан
Кондитер азыктары.

Кондитер азыктары - башка азыктардан канттуулугу, аш болумдуулугу жана сиңимдүүлүгү менен айырмаланат.

Кондитер азыктары канттан жасалган (карамель конфета, шоколад, мармелад, халва) жана ундан жасалган (печенье, пряник, вафель, кекс, торт жана пирожный) болуп бөлүнөт. Кондитер азыктарына кант, какао, жемиш жана мөмө, ун, сүт, май, жаңгак, агл кошумча тамак-аш кислоталары, өң, даам, жыт берүүчү заттар кошулат. Кондитер азыктарында углевод, май жана белоктун көп болушу анын калориялуулугун, даамын жакшыртат, ошол себептүү ал тамактанууда кеңири колдонулат. Бирок Кондитер азыктарын көп жегенден адам семирип кетиши мүмкүн. Аз кыймылдаган улгайган адамдар, ошондой эле атеросклероз менен ооругандар Кондитер азыктарын көп жешке болбойт. Айрыкча сдобный печенье жана крем кошулган тортторду боор, өт жана өт жолдору ооругандарга, панкреатитте, колитте, диабетте, эндокрин ооруларында жегенге болбойт. Кант диабети менен ооругандар үчүн даярдалган Кондитер азыктарына канттын ордуна жасалма таттуу заттар (ксилит жана сорбит) кошулат. Кондитер азыктарында витамин жакшы сакталат, ошондуктан балдар үчүн жасалган Кондитер азыктарына ит мурун, кара карагат, сабиздин ширеси, витамин препараттары, гематоген, глюкоза жана башка азыктар кошулат.

Кондитер азыктары ным аз жана кант көп кошулгандыктан жакшы сакталат, ал эми пирожный менен кремдүү тортторду муздаткычта 5° температурада 6 сааттан, майлуу кремдүүсүн 36 сааттан ашык сакТоо жарабайт. Бузулган Кондитер азыктары ууландырышы мүмкүн (к. Тамак-аштан уулануу)[1].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  1. Кондитердик азыктар үчүн таңгак. Текшерилген күнү 30 -сентябрь (аяк оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 30 -сентябрь (аяк оона) 2021.