Кара-Шоро минералдуу суусу

Википедия дан

Кара-Шоро минералдуу суусу, Коңурдөбө минералдуу суусу Ош облусунун Өзгөн районундагы дарылыкка ичүүгө жарамдуу минералдуу муздак суу булактары. Өзгөн шаарынан 81км чыгыш тарапта, Фергана тоо тизмегинин түштүк батыш капталындагы Жазы жана Коңурдөбө сууларынын кошулган жеринде, деңиз деңгээли 2300 м бийиктикте жайгашкан.

1945-жылы табылып, 1948-54жж. сууну пайдалануу мумкунчулугун аныктоо учун геологиялык изилдөө жумуштары жүргүзүлгөн. Суу булак түрүндө тереңдиги 70-130м келген 14 бургулоо, көзөнөктөрүнөн чыгат.Булактар юра мезгилинин башталышындагы кумдук, алевролит, аргиллит, чополу, сланец, гравелит жана конгломераттан түзүлгөн тоотек катмарларынан(калыңдыгы 700 м) чыгат. Көмүр кычкыл газдуу минералдашкан (5-6 г/л) сууларга кирет. Түссүз, жытсыз, даамы кычкыл, суунун температурасы 7,6–14,5°С. Курамы боюнча Есентуки суусуна окшош. Запасы суткасына 0,197 миң м3 (1971). Суу бөйрөк, боор, ичеги-карын, кан басымы, диабет ооруларына пайдалуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]