Жазы суусу
Көрүнүш
(«Жазы, суусу» барагынан багытталды)
Жазы суусу
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 122 км |
бассейндин аянты | 2 620 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Област | Ош облусу |
Район | Өзгөн району |
Жазы суусу, Яссы – Өзгөн районундагы суу, Кара-Дарыянын ири оң куймасы. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталынан (Шилбелүү ашуусунан батышыраакта, 3850 м бийикте) башталат. Узундугу 122 км, алабынын аянты 2620 км2.
Куймалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Байбиче, Кара-Төбө, Беш-Терек, Улуу-Чат, Зындан-Суу, Саламалик, Кичи Кошбулак, Көлдүк, Доңуз-Суу, Зергер, Жыланды жана башкалар.
Жылдык орточо чыгымы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]34,2 м3/сек; эң көбү 418 м3/сек, эң азы 6,4 м3/сек. Марттын аягында кире баштап, августта тартылат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Өзгөн шаары, Мырзаке, Жыланды, Ильич, Ак-Терек жана башка кыштактар жайгашкан.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: 2004 ISBN 9967-14-006-2
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
Интернеттеги шилтеме
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Кыргыз туусу", 10.02.09 - 14-бет: Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine