Саламалик

Википедия дан

Саламалик – түштүк Кыргызстандагы кооз жер.

Өзгөн районунун аймагында. Жазы (Яссы) суусунун сол жээгинде, жапыз тоолуу жерден орун алган. Өзгөн шаарынан 34 км түндүк-чыгышта.

Узундугу 9–10 км, туурасы 3–4 км, аянты 40 км2. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1270–1700 м, эң бийик жери 2384 м (Акбашат чокусу). Бор жана юра мезгилдеринде пайда болгон кызыл, боз түстөгү чөкмө тектерден (кумдук, чопо, акиташ) турган кокту колоттуу, орто бийиктеги тоо басымдуу. Климаты мелүүн, июлдун орточо температурасы 17°С, январдыкы – 6°С , жылдык жаан-чачыны 820 мм. Булак көп. Кара күрөң жана кара коңур топурактуу.

Самаликтин ландшафттынын кооздугун ыңгайлуу орографиялык түзүлүшү жана неоген мезгилиндеги жылуу субтропиктик климаттык шартта өскөн торгой флорасынын азыркыга чейин сакталып калган жана тоолордун кырына чейин таралган жапайы жаңгак-жемиш токою түзөт.

Анын арасында кыргыз алмасы, алча, бадам, сазкайың, акчечек, ыргай, аккайың, табылгы, долоно, шилби жана башка, ал эми токой арасындагы ачык аянттарда бийик чөптүү шалбааөсүмдүктөрү өсөт. Жаңгак-жемиш токоюнун кызыл түстүү жарлар менен айкалышкан көркү, жагымдуу климаты эс алууга, туризмдин өнүгүшүнө шарт түзөт.

Самалик токоюнан жаңгак, алма жана бадам жемиши жыйналат. Саламалик суусунун боюнда эс алуучу жайлар бар.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]