Кара кийимчендер 3

Википедия дан

"Кара кийимчендер 3" (англ. Men in Black 3, орус. Люди в чёрном 3) (Кара кийимчендер III жана КК³ деген аталыш менен да белгилүү) 2012-жылы Америкада 3D форматында жарык көргөн илимий фантастикалык тасма. Режиссёру Бэрри Сонненфелд. Башкы ролдорду аткаргандар Уилл Смит, Томми Ли Жонс жана Жош Бролин. Бул Кара кийимчендер сериясындагы 3-тасма. Marvel жана Malibu Comics тарабынан басып чыгарылган Лоуелл Каннингэмдин "Кара кийимчендер" комикс китебине негизделген. Тасма өзүнөн мурдагы алгачкы "Кара кийимчендерден" (1997) 15 жылдан кийин жана анын уландысы "Кара кийимчендер IIден" (2002) он жылдан кийин экрандаштырылган. Сонненфелд режиссёр катары, Стивен Спилберг болсо башкы продюсер катары кинотасмага кайтып келишкен. Тасмада Агент Кейдин эски душманы Айбан Борис түрмөдөн качып, өтмүштөгү жашыраак Кейди өлтүрүш үчүн барат. Муну менен ал өзүнүн түркүмүндөгү боглодиттер деп аталган башка планеталыктардын Жерге кол салышына өбөлгө түзүү максатын көздөйт. Бул Агент Жейди өтмүшкө барышка жана жаш Кей экөө биригип өнөктөшү менен дүйнө жүзүн сактап калууга мажбурлайт.

"Кара кийимчендер 3" 2012-жылдын 25-майында чыгып, дүйнө жүзү боюнча 624 млн доллар чогулткан. Инфляцияны эсепке албаганда тасма бул сериядагы эң көп киреше алып келген бөлүм болуп калган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]