Кара шакылдак
Кара шакылдак (лат. Aquila heliaca, (Savigny, 1809): түр Шакылдактар.
Жалпы жана өлкөдө таралышы[оңдоо | булагын оңдоо]
Молдавиянын токойлуу талаадан тартып чыгыш Байкалга чейин, Мароккодо, Евразияда. Кыргызстанда негизинен Чүй өрөөнү боюнча жана Ысыккөлдүн аймагында дайыма учурайт.
Саны[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргызстан боюнча маалымат жок. 1997-жылы Бишкек шаарынын четиндеги тоо этектеринде келгин мезгилинде бир гана куш катталган.
Жашаган аймактары[оңдоо | булагын оңдоо]
Деңиз деңгээлинен 2000 м бийиктиктен өйдө көтөрүлбөйт, адатта өсүмдүктөргө бай тоо этектерине көчүшөт.
Чектөөчү факторлор[оңдоо | булагын оңдоо]
Азык-зат базасынын азайышы. Уяларынан балапандарын алып жок кылуу. ЛЭП зымдарына урунуп, өлүмгө дуушар болушу.
Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[оңдоо | булагын оңдоо]
Келгин куш. Жазында мартта учуп келет, сентябрда кайрадан учуп кетет. Уясында 1-3 жумуртка, аны 43 күндө басып чыгарат. Көбүнчө майда кемирүүчүлөр менен азыктанат.
Көбөйтүү (колдо багуу)[оңдоо | булагын оңдоо]
Көбөйү мезгили белгисиз. Коргоо үчүн колдонгон чаралар. СССРдин Кызыл китебине киргизилген . 1975-жылы Кыргызстандын территориясына кирүүчү мамлекеттик коргоого алынган жаныбарлардын тизмесине киргизилген, «Жапайы фаунанын жана флоранын жоголуп бара жаткан түрлөрдү соода-сатык кылуу боюнча эларалык конвенциясына» киргизилген .
Коргоо үчүн зарыл аракеттер[оңдоо | булагын оңдоо]
Браконңерлер менен күрөш жүргүзүү. Уяларын таап, аларды коргоо. Колго багып көбөйтүүнүн ыкмаларын иштеп чыгуу. Республиканын территориясында уялоочу жерлерин таап жана анын санын аныктоо. Санын чектөөчү факторлорду аныктап табуу.
Статусу[оңдоо | булагын оңдоо]
V категория, Vulnerable, VU, C1. Монотиптүү түр. Саны азайып бара жаткан сейрек кездешчү түр. Кыргызстандын фаунасынын бир уруунун 4 түрдүн бири.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- А. А. Алдашев. Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү. - Бишкек, 1998. ISBN 9967-11-027-9
- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2