Шакылдактар

Википедия дан
Бүркүт (Aquila chrysaetos).

Шакылдактар (лат. Aquila) - туйгундар тукумундагы жырткыч куштардын 11 түрү.

Чоң шакылдак токойлуу жерде жашап, Кыргызстанда (Тянь-Шандын чыгыш жактарында) уялайт. Кышкысын Иранда жана Кытайда жашайт. Кичине шакылдак да токойлорду мекендеп, негизинен батышта, Борбордук Европада таралган. 1-3 жумурткасын 1,5 айча басат. Шакылдактар көбүнчө ар түрдүү чычкандарды жейт; пайдалуу.

түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.