Мазмунга өтүү

Кармай алсаң мени карма

Википедия — ачык энциклопедия
Кармай алсаң мени карма
РежиссеруСтивен Спилберг
Продюсер
СценарийиЖефф Натансон
ОператоруЯнуш Камински
НегизиндеКармай алсаң мени карма
автору: Фрэнк Абигнейл
жана Стэн Реддиң
Тартылгандар
МузыкасыЖон Таунер Уилямс
РедакторуМайкл Кан
Студия
ЖайылтуучуDreamWorks Pictures
Чыккан жылы
  • декабрь 25, 2002 (2002-12-25)
Узактыгы141 мүн.[1]
Өлкөсү АКШ
ТилиАнглис
Бюджети$52 млн
Киреше$352.1 млн

"Кармай алсаң мени карма" (англ. Catch Me If You Can, орус. Поймай меня, если сможешь) - 2002-жылы 19 жашына чейин учкуч, доктур, прокурор боло калымыш болуп миллиондогон акчаны алдамчылык жол менен тапкан Фрэнк Абигнейлдин өмүр баянына негизделип тартылган кылмыш жанрындагы тасма. Анын негизги кылмышы чек аркылуу алдоо болот. Алдамчылыкта өтө тажрыйбалуу болуп калгандыктан, Федералдык иликтөө бюросу (FBI) башка жасалма чектерди жасаган кылмышкерлерди кармоодо андан жардам сурашат. Тасманын режиссеру Стивен Спилберг. Тасмага тартылгандар: Леонардо Ди Каприо, Том Хэнкс, Кристофер Уокен, Мартин Шин, Натали Бэй ж.б.

Тасманын башталышы 1980-жылга туура келет, Абигнейл китебинин тасма укугу 1997-жылы Спилбергге сатылганга чейин тасма иши уланган эмес. Дэвид Финшер, Гор Вербински, Лассе Холстром, Милос Форман жана Кэмерон Кроу Спилбергге чейин бул тасманы тартабыз деген режиссерлор. Тасма 2002-жылдын февраль-май арасында тартылган. Тасма каржылык жагынан да, сын-пикирлерден да ийгиликтүү өткөндүктөн, тасманын автору саналган Абигнейл тасманы жылуу кабыл алган.

Тартылгандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. CATCH ME IF YOU CAN (12A). British Board of Film Classification (December 13, 2002). Текшерилген күнү 13 -февраль (бирдин айы) 2016.