Том Хэнкс

Википедия дан
Tom Hanks (2009)

Томас Жефри Хэнкс (англ. Tom Hanks;1956-жылдын 9-июлунда туулган) - америкалык актер жана режиссер. Актер комедия жана мелодрамалардагы ролдору менен белгилүү. Ал "Суу периси" (англ. Splash, 1984), "Чоң" ( англ. Big, 1988), "Тёрнер и Хуч" (англ. Turner & Hooch, 1989), "Алардын бейсбол лигасы" (англ. A League of Their Own, 1992), "Сиэттлдеги уйкусуздук" (англ. Sleepless in Seattle, 1993), "Филадельфия" (англ. Philadelphia, 1993), "Форрест Гамп" (англ. Forrest Gump, 1994),Аполлон 13 (англ. Apollo 13, 1995), "Жоокер Райанды сактоо" (англ. Saving Private Ryan, 1998), "Кат" (англ. You've Got Mail, 1998), "Жашыл миля" (англ. The Green Mile, 1999), "Чыгарылган" (англ. Cast Away, 2000), "Каргыш тийген жол (англ. Road to Perdition, 2002) жана "Да Винчинин коду" (англ. The Da Vinci Code, 2006), тасмаларында роль жараткан, ошондой эле "Полярдык экспресс" (англ. The Polar Express, 2004) жана "Оюнчуктар жомогу" (Toy Story) анимациялык тасмаларында үн коштогон.

АКШ жана Канадалык прокатта Хэнкстин "тасмалары $ 4, 5 млрд каражат топтосо, дүйнө жүзү боюнча $ 9,0 миллиарддан ашуун киреше алып келген, , Түндүк Америкадагы кирешеси эң көп үчүнчү актер катары таанылган. Т. Хэнкске "Алтын глобус" сыйлыгы, "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты актер" номинациясы "Филадельфия" тасмасындеги ролу үчүн ыйгарылган. Актер "Форрест Гамп" тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын, "Алтын глобус" сыйлыгын, АКШ киноактерлор Гильдиясынын сыйлыгын, People's Choice Award сыйлыгынын "Эң мыкты актер" номинациясында жеңип алган. 2004-жылы, ал Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын "Stanley Kubrick Britannia Award " сыйлыгын алган. 2014-жылы, актерго Кеннеди борборунун сыйлыгы ыйгарылса 2016-жылы, ал ошол кездеги АКШнын президенти Барак Обама тарабынан президенттик "Эркиндик" медалын алды, , ошондой эле Франциянын ардактуу легионунун Орденине дагы татыктуу болгон.

Т. Хэнкс режиссер Стивен Спилберг менен кызматташып "Жоокер Райанды сактоо" (англ. Saving Private Ryan, 1998), "Күчүң жетсе мени кармап ал" (англ. Catch Me If You Can (2002), "Терминал" (The Terminal, 2004), "Тыңчынын көпүрөсү" (англ. Bridge of Spies) жана "Ок атууда ага-ини" (англ. Band of Brothers, 2001) тасмаларында режиссер, сценарий жазуучусу жана продюсер катары катышып, өзүн көрсөтө алган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]