Форрест Гамп
Форрест Гамп | |
---|---|
Режиссеру | Роберт Земекис |
Продюсер | |
Сценарийи | Эрик Рот |
Оператору | Дон Бержесс |
Негизинде |
Форрест Гамп автору: Уинстон Грум |
Тартылгандар | |
Музыкасы | Алан Силвестри |
Редактору | Артур Шмидт |
Жайылтуучу | Paramount Pictures |
Чыккан жылы |
|
Узактыгы | 142 мүн. |
Өлкөсү |
![]() |
Тили | Англис |
Бюджети | $55 млн[1] |
Киреше | $677.9 млн[2] |
"Форрест Гамп" (англ. Forrest Gump, орус. Форрест Гамп) — 1994-жылы Роберт Земекис тарткан, Уинстон Груумдун 1986-жылдагы ошол эле аталыштагы романына негизделген америкалык комедиялуу-драма. Тасмага тартылгандар: Том Хэнкс, Робин Райт, Гари Синис, Майкелти Уилямсон жана Салли Филд. Окуя кем акыл, бирок жүрөгүндө кири жок, ак көңүл, ошондой эле жүгүрүүдө алдына киши салбаган алабамалык Форрест Гамптын жашоосун сүрөттөйт. Тасмада Форрест ХХ кылымдын экинчи жарымында, тагыраак айтканда 1944-1982-жылдар аралыгында АКШда болуп өткөн кээ бир орчундуу окуяларга күбө болуп, айрымдарына таасир этет. Уинстондун романы Гамптын мүнөзү жана кээ бир окуялардын сүрөттөлүшү жагынан тасмада бир топ өзгөртүлүп берилген.
1995-жылы тасма Оскардын "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер" (Роберт Земекис), "Эң мыкты актер" (Том Хэнкс), "Эң мыкты сценарист" (Эрик Рот) "Эң мыкты визуалдык таасир" жана "Эң мыкты монтаж" сыйлыктарын утуп алган. Мындар сырткары "Алтын глобус", "Элдин тандоосу", "Жаш артист" ж.б. ушул сыяктуу бир топ сыйлыкка татыган. 2011-жылы АКШ Конгрессинин китепканасы тасманы "маданий, тарыхый же эстетикалык баалуу" деп Улуттук кино реестринде сактоо үчүн тандап алган.
Сюжет
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тартылгандар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Көрсөтүлүш тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]"Форрест Гамптын" бетачары көрсөтүлүшү 1994-жылы 23 июнда Лос-Анжелес шаарында өткөн. Тасма АКШ прокатына ошол эле жылдын 6 июлунда, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө күзүндө көрсөтүлө баштаган.
Бетачарлардын датасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бетачарлардын датасы IMDb сайтынын маалыматтарына ылайык берилген[3].
"Форрест Гамп": релиздер тууралуу маалымат (англ.). — IMDb. Текшерилген күнү 29 -март (жалган куран) 2009. Түп булактан архивделген күнү 24 -январь (үчтүн айы) 2012.
АКШ — 6 июль 1994 (бетачар көрсөтүлүшү — 23 июнь)
Нидерланддар — 22 сентябрь 1994
Испания — 23 сентябрь 1994
Израиль — 30 сентябрь 1994
Норвегия — 30 сентябрь 1994
Франция — 5 октябрь 1994
Аргентина — 6 октябрь 1994
Италия — 6 октябрь 1994
Улуу Британия — 7 октябрь 1994
Дания — 7 октябрь 1994
Финляндия — 7 октябрь 1994
Германия — 13 октябрь 1994
Австрия — 14 октябрь 1994
Швеция — 14 октябрь 1994
Корея Республикасы — 15 октябрь 1994
Словакия — 20 октябрь 1994
Чехия — 20 октябрь 1994
Филиппин — 26 октябрь 1994
Польша — 4 ноябрь 1994
Австралия — 17 ноябрь 1994
Гонконг — 15 декабрь 1994
Эстония — 27 январь 1995
Жапония — 18 февраль 1995