Карнавал

Википедия дан

Карнавал (италиянча: Carnevale, carne – эт жана vale – кош бол дегенден) – 1) Италия, Франция, Испания, Германия жана Латын Америкасында Улуу орозо алдында майрамдалуучу жаз майрамы. Бул майрам элдин кооз костюмдарды кийип, маска тагынып, көчөлөргө чыгышы менен коштолот. Өзгөчө Рио-де-Жанейро (Бразилия), Рим, Венеция (Италия), Ницца (Франция), Канар а-дарында кеңири өткөрүлөт, ошондой эле Германиядагы Фашинг, Жаңы Орлеандагы Мадри-Гра (АКШ) карнавалдары белгилүү. Карнавалдан кийин Пасхага чейин орозо учурунда эт жешпейт; 2) заманбап маданиятта костюм, маска кийүү менен коштолгон ар кандай майрам, оюн-зоок, маскарад.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]